ЫЧКТ билдирет: Шайлоо процессинин мезгилинде кайрымдуулук иш-чаралары боюнча териштирүү башталды

2021-жылы 29-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна «Эмгек» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Ч. Сыдыковадан Токмок шаарында «Эл Биримдиги» саясий партиясы шайлоо процессинин мезгилинде шаардын көчөлөрүн көрктөндүрүү боюнча кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалымат түштү. Атап айтканда, Гравиль көчөсүндөгү мектептин жанында, 11, 12-үйлөрдүн маңдайында жолду шагыл менен түздөгөнү айтылган.

Автор ал жерде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу болгондугун көрсөтөт.

Маалымат КР ИИМге, Токмок АШКнын ЫЧКТына жөнөтүлдү.

Тиркеме: көрмө жазуу комментарий менен.

ЫАККТ БШК КР

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg