Кайырма, Кош-Коргон айылдарындагы добуштарды сатып алуу жөнүндө маалыматтарды иликтөө башталды

9-сентябрда БШК ыкчам аракет кылуу боюнча координациялык тобунун мүчөсү Г. Журабаева  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна КР мыйзамынын бузулушу боюнча WhatsAppтагы маалымат тууралуу кабарлады. 
«Мекеним Кыргызстан» саясый партиясынан талапкер Акунбеков Э. шайлоо процессинин учурунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кош-Коргон жана Кайырма айылдарында спорттук обьектилерди курууну баштаган. 
9-сентябрда Кайырма, Кош-Коргон айылдарындагы шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча маалымат КР ИИМине жиберилди. Иликтөө башталды.  
КР БШК Маалыамттык бөлүмү