Ново-Павловка айылынын жашоочуларына пара берүү жөнүндөгү маалымат боюнча сотко чейинки иликтөө башталды

Ново-Павловка айылынын жашоочуларына пара берүү жөнүндөгү маалымат боюнча сотко чейинки иликтөө башталды

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна маалымат берилген, ал маалымат ишеним телефонуна Г. Эсеналиевадан келген.

Берилген маалыматка караганда, Ново-Павловка айылынын жашоочуларын кытай грантына курулуп бүтө элек мектепке ташып келүү уюштурулган. Ал жерден жашоочулардын колдорунун тагы жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторунун көчүрмөсү да алынган. Мындай жүрүштөргө 1000 сом төлөнгөн.

2020-жылдын 22-августунда бул факт Сокулук РИИБде ЕРППде катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери жасалып жатат.