ЫАККТ маалымдайт: Банк кызматтарын төлөө үчүн кошумча комиссиянын мыйзамдуулугу боюнча иликтөө башталды

2021-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номуруна Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылында жашаган А.Э.Тойкуловдон маалымат түштү. Ал "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 15-беренесинин 1-пунктуна ылайык шайлоо фондун ачуу үчүн "РСК Банкка" кайрылганда, банк кызматкерлери белгиленген 20 сомдун ордуна, 200 сом төлөөнү талап кылышкан.

Мындан тышкары, аталган банктын кызматкерлери А.Э.Тойкуловдун колтамгасынын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн үлгүлөрүн сурашкан. А.Э.Тойкуловдун айтымында. бул процедураны жүргүзүү үчүн ал дагы 500 сом сарптаган (кол тамгалардын 2 үлгүсү үчүн 500 сом төлөгөн).

Тойкулов А.Э. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлердин шайлоо фондун ачуу үчүн "РСК Банкка" кошумча төлөмдөрдүн мыйзамдуулугу жөнүндө маалымат берүүнү суранат.

Маалымат текшерүү үчүн КР БШКнын контролдук-текшерүү тобуна жөнөтүлдү.

ЫАККТ БШК

Кыска номер – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg