ЫАККТ билдирет: Түшкөн маалымат боюнча текшерүү башталды

2020-жылдын 19-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номуруна өзүн Мирлан деп тааныштырган жарандан маалымат түшкөн. Ал Фейсбукта "Каракол шаарында Курсан Асанов шайлоочуларга акча таратуу менен жолугушууга чогултту" деген видео талкууланып жаткандыгын билдирген. Мирлан өз кайрылуусунда укук коргоо органдарын бул фактыга чара көрүүлөрүн суранат. Мындан тышкары бул маалымат Фейсбуктагы "Коррупциясы жок Кыргызстан" аттуу топтун баракчасында 2020.18.12де чагылдырылган.

Бул маалымат ИИМге, Башкы прокуратурага жиберилди.

БШК ЫАККТ кыска номери - 1255

WhatsApp - 0990-02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46 Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40.

Электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg