ЫАККТ билдирет: маалыматы жок илинген баннер боюнча иликтөө башталды

30-декабрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун (ЫАККТ) WhatsApp номерине БШК мүчөсү Г. Журабаевадан маалымат түшкөн. Түшкөн маалыматта Г. Абдразакова, Н. Аблакуновдун ("Биз Мекенчил") Фейсбук баракчасында Ош облусундагы Гүлчө айылынын кире беришинде кайдан, ким аркылуу чыккандыгы боюнча маалыматы жазылбаган баннер илинип тургандыгын видеосунда билдиришкен. Видео автору президенттикке талапкерлердин шайлоо мыйзамын бузгандыгын кабарлайт. Укук коргоо органдарына бул баннердин кандайча жайгашып калгандыгы боюнча фактыны текшерүүлөрү боюнча кабар берилди.

ЫАККТ БШК

Кыска номер - 1255

WhatsApp - 0990 02-12-55

Ишеним телефону - 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама - 0312 66-02-40

Электрондук дарек - kgor_cec@shailoo.gov.kg