ЫЧКТ билдирет: Шайлоого катышканы үчүн сыйлыктын суммасы боюнча маалымат текшерилүүдө

2021-жылы 12-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Facebook социалдык тармагында чыккан видеожазууда кандайдыр бир кишилер шайлоого катышуудагы сыйлык акы жөнүндө талкуулашууда. Арасынан бирөөсү Исаевдин пайдасына 50 миң сомго 100 адам чогултуу боюнча жанындагыларга маалымат берип жатат. Чогулгандардын бири белгиленген күнгө жетишээрлик санда адамдар чогултулат деп айтып жатат.

Талкуунун жүрүшүндө, дагы бир эркек киши А.Сегизбаевдин ишенимдүү адамдары К.Исаевге карганда көп сумма сунуштап, ар бир адамга 5 миңден деп сөз берип жатканын айтышкан.

Чогулгандар К.Исаевдин штабы менен байланышып, сыйлык катары берилүүчү сумманы кайрадан кошумча талкуулоо керек деп чечишти.

 

12.01.2021-жылы маалымат ИИМге, Башкы прокуратурага жолдонду.

ЫЧКТ БШК

Кыска номери – 1255

WhatsApp – 0990 02-12-55

Ишеним телефону – 0312 62-62-46

Коомдук кабылдама – 0312 66-02-40

Электрондук дарегиkgor_cec@shailoo.gov.kg