ЫАККТ билдирет: аудиожазуу жөнүндө маалыматты текшерүү башталды

 13-декабрда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна (ЫАККТ) 2020-жылдын 12-декабрындагы аудиожазуу боюнча маалымат түшүп, анда Н. Наматова аттуу жаран Айнагүл аттуу аялга кайрылып, мурда ушул жерге орнотулган, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан кайрымдуулук жардамы катары берилген трансформаторду жүктөө тууралуу көрсөтмө бергендиги айтылат (жазууда жердин аталышы айтылбайт). Н. Наматова жашоочуларга айта барууну суранып буларды айткан, КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо ушул аймактын жашоочуларынын добуштары "Бүтүн Кыргызстан", "Бир бол", "Биримдик" саясый партияларына берилгендигин, а "Мекеним Кыргызстан" партиясы агитаторлор убада кылышкан шайлоочулардын 400 добушун ала албай калышкандыгын айтат. Н. Наматова анын шайлоочулар алдындагы келишиминин бардык шарты аткарылгандыгын, ал эми шайлоочулар тарабынан бузулгандыгын, ушуга байланыштуу трансформаторду алып кетерин билдирет. Аудиожазуунун экинчи бөлүгүндө Н. Наматова Ширин аттуу аялга кайрылып анын тууганы Айжандын ишинин жыйынтыгына  нааразы экендигин, себеби ал шайлоо учурунда шайлоочулардын "Мекеним Кыргызстан" партиясы үчүн добуштарын камсыздап берүүгө убада кылгандыгын, бирок ал убадасын аткарбагандыгын билдирген. Н. Наматова Айжан  аттуу аялдын алган акчасын кайтарып берүүнү, эгер бербесе катуу чараларды көрөрүн эскерткен. 13-декабрда КР ИИМине, Башкы прокуратурага бул боюнча билдирилди. Бул кабар Бишкек ШИИБинин тиешелүү кызматына да катталды.

ЫАККТ БШК