ИИМ Кировск айылындагы шайлоочуларды ташуу жөнүндө маалыматты иликтейт

КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу социалдык тармактарга чыккан Кировск айылындагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн №7127-шайлоо участогуна жарандарды ташып келүү боюнча фото жана видео боюнча маалымат берет.

Сүрөттөргө жана видеого комментарийлерде жарандарды башка эл жашаган айылдардан ташып келүүгө жооптуу адамдын сүрөтү берилип, машина маркасы көрсөтүлүп, бул ишти “Мекеним Кыргызстан” саясый партиясы уюштургандыгы айтылат.

Координациялык топ бул материалдарды ИИМге жөнөттү.