Бишкекте агитация боюнча иликтөөнү ИИМ жүргүзүүдө

2020-жылдын 26-августунда КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна ардагер Жаркын Шаршеновна Бапаева кайрылган.

 Бапаева Ж.Ш. В. М. Орешин аттуу жаранга кайсы бир саясый партиянын өкүлү кайрылып, ага жашаган жеринде агитация жүргүзүү сунушун айткандыгын кабарлады. Ж. Бапанованын айтымында, В. Орешин кошуналарына чалып кайсы бир партияга 2000 сом үчүн добуш берүүгө агитация жасаган.

Координациялык топ бул маалыматты ИИМге жиберди, иликтөө башталды.