ЫЧКТ билдирет: ИИМ Кайырма айылындагы сатып алуу фактысы боюнча териштирүү баштады

2020-жылы 9-сентябрда БШК ЫЧКТ мүчөсү Г.К. Джурабаева WhatsAppка чыгарылган Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө маалыматты Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко билдирди.

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер Э. Акунбеков шайлоо процесси мезгилинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кайырма айылында, Кош-Коргон айылында спорт объектилеринин курулушун баштаган.

2020-жылы 9-сентябрда Базар-Коргон районунун Кайырма айылында, Кош-Коргон айылында шайлоочулардын добушун сатып алуу жөнүндө маалымат КР ИИМге жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү