ЫЧКТ билдирет: ИИББ баннерлерди медициналык колледждин корпусуна мыйзамсыз жайгаштыруу боюнча иш жүргүзөт

2020-жылы 14-сентябрда КР БШКнын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна Бишкек шаарындагы медициналык колледждин (Логвиненко-Бөкөнбаев көчөлөрү) директорунун орун басары М.А. Шыкымбаевден маалымат келип түштү.

М.А. Шыкымбаев бүгүн эртең менен медициналык колледждин Бөкөнбаев көчөсү тарабындагы экинчи корпусундагы баннерлерге “Ата-Мекен”  партиясы өзүнүн үгүт материалдарын орнотконун билдирди.

Окуу мекемесинин администрациясы аталган партиянын аракеттери мыйзамсыз экендигин, себеби алдын ала келишим түзүлбөгөндүгүн, ошондой эле колледждин макулдугун эч ким алдын ала сурабагандыгын айтты.

Маалымат 2020-жылы 14-сентябрда Бишкек ИИББ начальнигинин орун басарына жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү