ЫЧКТ билдирет: Бишкек ИИББ окуучулардын ата-энелерин “Биримдик” партиясына добуш берүүгө чакыруу боюнча маалыматты текшерет

КР БШКнын Ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобу 2020-жылы 11-сентябрда Vesti.kg МАдан  Илита Анатольевна аттуу (мектеп администрациясынын мүчөсү болушу мүмкүн) 0550 141050 абонентинин кат алышуусу WhatsAppта талкууланып жатканы тууралуу маалыматты изилдеп чыкты.

1-4 кл класстардын жетекчилерине жана  5-11 класстардын кураторлоруна кайрылып, ал Бишкекте каттоосу жок (шаардык эмес) ата-энелерин 2-форма боюнча каттоодон өтүү үчүн №1325, №1352, №1324 УШКларга келүүгө, 2020-жылы 4-октябрда “Биримдик” партиясына добуш берүүгө ата-энелерин ишендирүүнү суранат.

Маалымат 2020-жылы 14-сентябрда Бишкек ИИББ начальнигинин орун басарына жөнөтүлдү. Териштирүү башталды.

КР БШК маалымат бөлүмү