Башкы прокуратура жана ИИМ электрондук кол тамга аркылуу мыйзамсыз каттоону текшерет

БШК ыкчам аракет кылуучу координациялык тобуна 15-сентябрда Бишкектеги Рухий Мурас конушунун жашоочусу Индира Токтоналиева кайрылган. Ал эмне үчүн Форма 2 боюнча Бишкектеги №59-орто мектептеги №1055-шайлоо комиссиясынын участогуна катталып калгандыгын билгиси келген.

Муну БШК ИИСинин текшерүүсүнүн жыйынтыгында БШКнын шайлоочунун кабинети сервиси аркылуу белгисиз адам анын паспортун алуу менен жана ал паспорт менен калкты тейлөөчү борбордон электрондук кол тамга алып, паспорт ээсин №1055-шайлоо комиссиясынын участогуна каттатып койгон.

15-сентябрда бул маалымат Башкы прокуратурага жана КР ИИМге жөнөтүлдү. Иликтөө башталды.