“Кыргызнефтегаз” АК боюнча фактылар КР ИИМге жөнөтүлдү

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы ыкчам аракет кылуучу координациялык топ “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси А. Усупбекова көрсөткөн 2-сентябрда жарыяланган материалдагы фактылар менен таанышып чыкты. 
Коомдук фонддун сайтында “Кыргызнефтегаз” АКнын директору Р. А. Бостонов кызматкерлерин өздөрүнүн шайлоо даректерин өзгөртүүгө жана форма 2 боюнча каттоодон өтүүгө мажбурлап жатканы айтылган. Буга макул болбогон кызматкерлерди иштен кетирүү менен коркутуп жатканы келтирилген.
Эске сала турган жагдай, Кочкор-Ата шаарындагы Мекендеш ТВнын сайтында 17-августта “Кыргызнефтегаздын” жетекчилиги өз кызматкерлеринин кол тамгаларын жыйнап жана көрсөтүлгөн тизмеге тааныш жана жакын адамдардан дагы үч адамды кошууну талап кылып жатышкандыгы боюнча макала жарыяланган. 2020-жылдын 19-августунда Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн текшерүүсүндө административдик ресурстун басымы аныкталган эмес. 
2020-жылдын 21-августунда Ноокен райондук ички иштер бөлүмүндө  ЕРППга КР КоП – административдик ресурсту колдонуунун 87-1-беренелери менен катталып, “Жарандык платформа” коомдук фондунун сайтына жарыяланган бул маалымат КР ИИМне жиберилген.  
КР БШК Маалыматтык бөлүмү