ДМЧАнын шайлоо укуктары

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча

 борбордук комиссиясынын
2017-жылдын 7-октябрындагы
№ 506 токтому менен
бекитилген

 "Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө"
ЖОБО

(КР Борбордук шайлоо комиссиясынын  2020-жылдын 4-февралындагы №29 токтомунун редакциясында)

Жалпы долбоор

1.1 Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын референдому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына” "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

1.2. Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жараны Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген тикелей жана жашыруун эрк билдирүү аркылуу бирдей негиздерде шайлоого жана шайланууга укуктуу, шайлоого жана референдумдарга катышууга укуктуу.

1.3.     Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү шарттарды камсыз кылуу ушул Жобонун максаты болуп саналат.

1.4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу шайлоо комиссияларына жүктөлөт.

1.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО), мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле алардын кызмат адамдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылууда Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө жана шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтөт.

1.6. Бул багыт боюнча иштерди координациялоо региондордо Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссияларынын алдындагы атайын өкүлдөрүнө жүктөлөт.

1.7. Бул Жободо шайлоо укуктарын ишке ашырыш учун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын төмөнкүдөй категорияларына карата шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнгө салынат:

- сокур жана начар көргөн шайлоочулар өзүнүн шайлоо укуктарын өз алдынча ишке ашырышына тоскоолдук кылган көрүүсү бузулган адамдар;

- дүлөй жана начар уккан шайлоочулар - өзүнүн шайлоо укуктарын өз алдынча ишке ашырышына тоскоолдук кылган угуусу бузулган адамдар;

- таяныч-кыймылдоо аппаратынын функциялары бузулган шайлоочулар - өз алдынча кыймылдоосу чектелиши менен байланышкан бузулуусу бар адамдар.

1.8.Шайлоо комиссияларынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүсүнүн учурунда баарлашуунун этикалык ченемдери: урматтоо, гумандуулук, кичи пейилдик, сылыктык, сабырдуулук, медициналык сырды жарыя кылбоо, жарандын жеке турмушунун чөйрөсүнө кийлигишпөө сакталууга тийиш.

1.9. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар – активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган, организмфункциялары туруктуу бузулган, ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары;

 “-шайлоо участкасына жеткиликтүүлүк – башка жарандар менен бирге добуш берүү үчүн жайга, жөө жүрү тротуарларын, автомобиль жолдорун, маалыматтык, техникалык жана бшка коомдук пайдалануу каражаттарын кошуп алганда, жеткиликтүүлүккө ээ болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын эркин жана коопсуз жүрүү мүмкүнчүлүгү;

- шайлоо участкасына жеткиликтүүлүктү камсыздоо –  мамлекеттик органдр, жеткиликтуу  өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан алардын меңчигине же карамагына (ведомстволуук караштуулукта) турган инфратүзүм объектилеринин жабдыктарын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн башка  жарандар менен бирдей эле ол объектилерге эркин жеткиликтүүлүктү камсыздаган атайын көмөкчү жөлөгүчтөр менен жабдуу боюнча талаптагыдай чараларды көрүү;

- добуш берүү жайга жеткиликтүүлүк – добуш берүү жайда жана анын ичинде кабинада же башка атайын жабдылган жерлерде орун которуп жүрүүгө, ошондой эле ден соолугун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын добуш берүүсүн жеңилдетүү үчүн көмөкчү каражаттардын болушуна физикалык  тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыздоочу шарттардын болушу;

- муктаждык картасы – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүн шайлоо участкалары боюнча көрсөтүү менен социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик  органдын аймактык бөлүмчөлөрү менен биргеликте тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн таблица;

чоңойтуучу айнек (лупа) - шайлоо документтерин толтуруу учурунда колдонулуучу, текстти чоңойтууга арналган оптикалык прибор;

Брайль трафарети - талапкерге, саясий партияга же болбосо "Бардыгына каршы" позициясына туура келген тиешелүү белги үчүн бюллетенде бош чарчыларга дал келген тешиктери бар атайын трафарет;

социалдык кызматкер - өзү аткарып жаткан иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген зарыл квалификациясы бар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдарга уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтардын тутумунда социалдык тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу же болбосо уюштуруучу адис;

факсимилдик кол (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам өз алдынча өз колун коюу мүмкүнчүлүгү болбогон (көрүүсүнүн бузулушу, манжаларынын жоктугу, кыймылын координациялоонун бузулушу, шал болуу) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өз колун алмаштырган, атайын даярдалган штамп (клише).

2.Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу.

2.1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, анын ичинде добуш берүү үчүн жайга максималдуу мүмкүн болуучу жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүкчөлөрү менен биргеликте добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөө  картасын түзүшөт.  Анын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

         Муктаждык картасынын формасы төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын жеке маалыматтары (фамилиясы, аты-жөнү, жеке иденттештирүү номери, туулган датасы, туруктуу жашаган жеринин дареги) жөнүндөгү маалыматтарды;

- майыптуулугунун категориясы (I,II,III тобу) жана бузулуулардын түрлөрү (угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушу);

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын башка зарыл керектөөлөрү жөнүндө эскертмени.

 

2.2.Муктаждык картасы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусуна, ошондой эле шайлоо участкасында өзгөчө шарттарды түзүүгө муктаж болгондорго конкреттүү жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылат.

2.2-1.Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү шайлоочулардын эсебин алуу үчүн социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн айдын 10унан кечиктирбестен ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты берип турууга милдеттүү. Муктаждык картасынын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

2.3.Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясынын алдындагы атайын өкүлү тиешелүү аймакта жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар жөнүндө маалыматтарды берүү тууралуу суроо-талапты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтөт.

2.4. КР БШКнын аймактык шайлоо комиссиясынын алдындагы атайын өкүлүнүн суроо-талабы боюнча социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмү муктаждыктардын карталарын дайыма тактоону жана жаңылоону жүргүзөт.

2.5. Күчүн жоготту деп таанылсын.

2.6. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмү калктуу конуштардын өңүтүндө көрсөтүлгөн форма боюнча суратылган маалыматтарды берет.

2.7. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары берилген маалыматтардын негизинде шайлоо участокторунун өңүтүндө муктаждыктардын райондук маалыматтык картасын түзөт, андан соң аны участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет.

2.8. Участкалык шайлоо комиссиясы (мындан ары – УШК) тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын алгандан кийин добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн орун-жайлардын  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнө жана маалымат берүүчү материалдардын жеткиликтүү  болушуна ылайык келтирүүнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана майыптуулугу бар адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен текшерүү жүргүзөт.

2.9. Добуш берүү үчүн орун-жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын кирүүсү үчүн атайын көмөкчү жѳлѳгүчтѳр менен жабдылбаган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн орун-жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чара көрүү үчүн тиешелүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жөнөтөт.

2.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссиялары кайрылган учурда токтоосуз тиешелүү чараларды ккөрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

2.11. Добуш берүү үчүн жайларды ДМЧАнын муктаждыктарын эске алуу менен жабдуу зарыл. Добуш берүү үчүн жайдагы жабдуу (столдор, кабиналар жана добуш берүү үчүн үкөктөр), ошондой эле маалымат стенддери колясканы пайдаланган же өз алдынча кыймылдоодо оорчулуктары бар шайлоочулар үчүн анын жеткиликтүүлүгү камсыз кылынгыдай түрдө жайгашууга тийиш.

2.12. Участкалык шайлоо комиссиялары башка шайлоочулар менен катар таяныч-кыймылдоо аппаратынын функциялары бузулган, кыймылдоо үчүн коляскаларды пайдаланган добуш берип жаткан добуш берүү үчүн жайларда шайлоочу шайлоо бюллетенин толтуруу аркылуу эрк билдирүү учурунда ыңгайлуулуктарды камсыз кылуу үчүн атайын кабинаны (бийиктиги 75 сантиметрден ашпаган атайын жабдылган башка орунду) орнотууга милдеттүү.

2.13. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган орун шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүнүн жашыруундугун камсыз кылууну эске алуу менен орнотулууга жана жасалууга тийиш.

2.14. УШКнын мүчөлөрү добуш берүү тартибинин маселелери жөнүндө көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга консультация берип, шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоодо жардам бере алат.

2.15. Шайлоочулардын тизмесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды тактоо Борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 216 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө" Жобого ылайык жүргүзүлөт.

2.16. Участкалык шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар жөнүндө тиешелүү маалыматтарды (Муктаждыктардын карталары) алгандан кийин алар добуш бере турган жер (добуш берүү үчүн жайда же шайлоо участогунун добуш берүү үчүн жайынан тышкары) жөнүндө жана добуш берүүдө аларга көмөктөшүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматтарды тактайт.

2.17. Бул маалыматтарды алууда шайлоо комиссияларына УШКнын суроо-талабы боюнча социалдык кызматкерлер көмөк көрсөтө алат.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга маалымдоо боюнча ишти уюштуруу

3.1. Маалыматтын жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатуу максатында шайлоону маалымат менен камсыз кылуу боюнча иштердин планын даярдоодо шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө тийиш.

3.2. Шайлоо комиссиялары тиешелүү категориялардагы шайлоочулардын арасында маалымат материалдарын өз алдынча, ошондой эле социалдык коргоо органдарын, социалдык тейлөө уюмдарын, майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарын, сокурлар үчүн атайын китепканаларды, башка уюмдарды тартуу менен, материалдарды (макулдашуу боюнча) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар алдын ала кѳп баруучу жерлерде  (социалдык өнүктүрүү органдары, социалдык тейлөө уюмдары, Социалдык фонддун бөлүмдөрү, поликлиникалар, аптекалар, китепканалар, социалдык дүкөндөр ж.б.) жайгаштыруу менен тарата алат.

3.3. Шайлоо комиссиялары шайлоочулар менен байланыштын коомдук "шашылыш линияларынын" мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде шайлоо комиссияларынын факсимилдик, мобилдүү байланышын жана интернет-ресурстарын пайдалануу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү  чектелүү шайлоочуларга консультациялык, юридикалык жардам бере алат. Бул ишке майыптыгы барлардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу сунушталат.

3.4. Борбордук шайлоо комиссиясынын Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалыматтык материалдарды даярдоодо маалымдоо боюнча жумушчу тобу менен бирдикте азиз жана көзү начар көргөн шайлоочуларга маалымдоо үчүн радиоуктуруу тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну карасын:

- шайлоо кампаниясы (шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо тартиби, добуш берүү убактысы жана орду, негизги шайлоо укуктары, шашылыш линиянын телефондору), шайлоого катышуучу талапкерлер, добуш берүү тартиби, бюллетенди толтуруу жана башка жол-жоболорду жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө маалымат материалдарын чыгарууну аудиоформатта (санариптик булактарда) даярдоо;

- окуу үчүн ыңгайлуу болгон, ошондой эле Брайл арибин пайдалануу менен басылган маалымат басылмаларын (баракчаларды) даярдоо мүмкүнчүлүгүн кароо;

- текст файлдарын үн чыгаруучу же тактилдик сигналдарга өзгөртүүчү экрандык жеткиликтүүлүктүн компьютердик программалары орнотулган атайын жабдуусу (тифлокаражаттары) барсокурлар үчүн китепканалардын, атайын жалпы билим берүүчү уюмдардын, майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;

- пайдалануучу смс-билдирүүлөрдү алган учурда аларды үн сигналына өзгөртүүчү мобилдүү байланыштын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.

3.5. Шайлоо кампанияларынын мезгилинде дүлөйлөрдү жана начар уккандарды маалымат менен камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүккө жараша жаңсап которууну же маалыматтык роликтерди субтитрирлөөнү жана телекөрсөтүүдөгү, анын ичинде шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматтык чыгарылыштарды жана тематикалык берүүлөрдү пайдаланууну кароо сунушталат.

3.6. Бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте кресло-коляскаларды колдонгон шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу үчүн шайлоо жөнүндө көрүнүп туруучу маалыматты көрсөтүлгөн категориядагы шайлоочулар аны менен кошумча күч жумшабастан тааныша алгыдай ачык жерлерде жайгаштыруу сунушталат.

3.7. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу, аларды коомго интеграциялоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө, аймактык шайлоо комиссияларына майыптыгы бар адамдардын жергиликтүү коомдук уюмдары, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, социалдык тейлөө уюмдары, башка органдар жана уюмдар менен өз ара аракетте ар жылдагы негизде маалыматтык-түшүндүрүү ишин, анын ичинде көргөзмөлөрдү, форумдарды, ишкер жана ролдук оюндарды өткөрүү формасында жүргүзсүн, ошондой эле атайын жалпы билим берүү уюмдарда, реабилитациялоо борборлорунда максаттуу аудиторияга адаптацияланган маалыматтык иш-чараларды өткөрсүн.

3.8. Талапкерлер, саясий партиялар, референдум маселеси боюнча үгүт жүргүзүүгө катышкан «макул», «каршы» топтору окуу үчүн ыңгайлуу болгон, чоңойтулуп басылган шрифт менен кол жаңсап которууну же субтитрлөөнү пайдалануу, ошондой эле  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү шайлоочулар үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарды үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес санда пайдалануу менен үгүт жүргүзүү материалдарын жарыялоого жана жайылтууга милдеттүү:

- сокур жана начар көргөн шайлоочулар үчүн - аудиоформаттагы, анын ичинде радиоуктуруу режиминдеги үгүт материалдарын, ири арип менен жана/же Брайль арибинин жардамы менен басылма үгүт материалдарын;

- дүлөй жана начар уккан шайлоочулар үчүн - субтитрлери жана/же жаңсап которуусу менен үгүт материалдарын (видеороликтерди).

4. Шайлоо участогунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын добуш беришинин тартиби

4.1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочу шайлоочулардын тизмесине киргизилген жашаган жери боюнча шайлоо участогунда же болбосо добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда жайдан тышкары жерде (үйүндө), ал эми башка шайлоо участогунда - шайлоо дареги боюнча добуш берүү жөнүндө 2-форма боюнча арызды добуш берүү күнүнө чейин 15 күндөн кечиктирбестен берген учурда добуш берүүгө катыша алат.

4.2. Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ар бир жараны түздөн-түз шайлоо участогунда добуш берүүгө укуктуу. Эгерде шайлоочуга шайлоо участогунда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн ага кандайдыр-бир жардам талап кылынса, ал көмөк көрсөтүүгө (транспорт менен камсыз кылууга, пандустарды даярдоого жана башкаларга) жазуу жүзүндөгү арызды шайлоо күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүү менен бул жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана участкалык шайлоо комиссиясына алдын ала кабарлоого тийиш.

4.3. Шайлоо участогунда добуш берүү учурунда бюллетенди алуу үчүн шайлоочу өзүнүн ким экендигин тастыктаган документти көрсөтөт. Ар бир шайлоочу жеке добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

4.4. Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу факсимилдик колду пайдаланууга же бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу, коомдук байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамын пайдаланууга укуктуу.

4.5. Шайлоочу шайлоо бюллетенин жашыруун добуш берүү үчүн атайын жабдылган кабинада толтурат, ал жерде башка адамдардын болушуна жол берилбейт, буга бюллетенди өз алдынча толтурууга шайлоочунун мүмкүнчүлүгү болбогон учурлар кирбейт. Мындай учурда шайлоочу башка адамдын жардамын пайдаланууга өзүнүн ниети жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына оозеки кабарлайт.

4.6. ДМЧШ пайдалануучу жашыруун добуш берүү үчүн кабина чогултуу же бириндетүү үчүн атайын шаймандардын болушун талап кылбаган чогултулуучу-бириндетилүүчү конструкцияны билдирүүгө жана ага эки шайлоочу, референдумдун катышуучусу батышы үчүн кенен болууга тийиш.

4.7. Көрүүсү жагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар чоңойтуучу айнекти (лупаны) же Брайльтрафаретин пайдалана алат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүндө болот.

«Көрүүсү жагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга маалымдоо үчүн үгүт жүргүзүү тактасына  атайын форматта даярдалган материалдар жайгаштырылат  жана (же) шайлоо участкалары шайлоо өнөктүктөрү жөнүндө аудиоформаттагы (санариптик сактагычтарда) үгүт жүргүзүү материалдары менен (шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактоо тартибинде, добуш берүү убактысы жана жери, негизги шайлоо аракеттери, тез байланыш телефондору)  жабдылууга тийиш.

4.8. Таяныч-кыймылдоо аппаратынын функциялары бузулган шайлоочулар, референдумдун катышуучулары добуш бериши болжолдонуп жаткан добуш берүү үчүн жайларда өлчөмдөрү полдон кеминде 180 см бийик, туурасы 80 см жана тереңдиги 100 см болгон жашыруун добуш берүү үчүн атайын кабина орнотулушу керек, ал бюллетенди толтуруу үчүн туурасы кеминде 40 см жана тереңдиги кеминде 30 см болгон, полдон 75 сантиметрден ашпаган деңгээлдеги бийиктикте жайгашкан орун (стол, текче, таканчык ж.б.) менен жабдылууга тийиш.

4.9. Угуусу жагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү көп сандаган шайлоочулар добуш бериши болжолдонуп жаткан шайлоо участокторуна тиешелүү уюмдардын көмөгү менен жаңсап которуучулар чакырылышы мүмкүн.

4.10. Добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгини тааный албашы үчүн добуш берүү үчүн үкөктөр добуш берүү үчүн атайын жабдылган эң жакын кабиналардан бир жарым метрден ашпаган аралыкта жайгашууга тийиш.

4.11. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда ката кетирдим деп эсептесе, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна өзүнө жаңысын берүү өтүнүчү менен шайлоо бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага жаңы шайлоо бюллетенин берет, мында шайлоочулардын тизмесинде бул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.

4.12. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар автоматтык эсептөөчү урналарга (АЭУ) салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.

4.13. Бюллетенди автоматтык эсептөөчү урналарга салуу эрежелери жагынан кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис чакырылышы мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, добуш берүү үчүн үкөктүн жанында шайлоо бюллетенин салып жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат.

4.14. Добуш берүү үчүн жайда турган адамдарга айлананы жабууга же добуш берүү үчүн үкөккө байкоо жүргүзүүгө башкача ыкма менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.

5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш беришинин тартиби

5.1. Участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесине киргизилген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарга алардын жашаган жери же иш жүзүндө жүргөн жери боюнча добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

5.2. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде добуш берүү күнүнө чейин бир күн мурда саат 8ден саат 20га чейин гана жүргүзүлөт.

5.3. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүгө арыз добуш берүү күнүнө чейин үч календардык күндөн кечиктирбестен берилет. Арыздар жекече же башка адам аркылуу берилет. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү үчүн жайга келе албай турган себеп жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.

5.4. Участкалык шайлоо комиссиясы жайдан тышкары жерде добуш берүүгө келип түшкөн бардык арыздарды реестрде каттайт жана жайдан тышкары жерде добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин добуш берүү күнүнө чейин эки күн мурда жалпыга тааныштыруу үчүн илет.

5.5. Шайлоочуга келгенде участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү оператор менен бирге шайлоочунун биометрикалык жана жекече маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет. Шайлоо бюллетенин берүү учурунда чүчүкулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаз тизмесинде каттайт, шайлоочунун ким экендигин тастыктаган документтин сериясын жана номерин коет жана шайлоо бюллетени берилгендиги жөнүндө ага кол коет. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаз тизмесине кол коет же бюллетенди алгандыгы үчүн кол коюуга денеси кудуретсиз болгон учурда факсимилени пайдаланат.

5.6. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын добуш берүүсүн өткөрүү учурунда ошондой эле ушул Жобонун 3.3, 3.4, 3.5-пункттарынын ченемдери сакталат.

5.7. Шайлоочунун бюллетенди өз алдынча толтуруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурду кошпогондо, шайлоо бюллетенин шайлоочу атайын орунда толтурат, ал жерде башка адамдардын болушуна жол берилбейт. Атайын орун шайлоо бюллетенин толтуруу учурунда добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүнүн жашыруундугун жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар добуш берип жаткан адамга контролдук кылышынын мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну эске алуу менен тандалууга тийиш.

6. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруунун өзгөчөлүктөрү

6.1. Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар менен өз ишинде майыптыктын категориялары менен шартталган алардын өзгөчөлүктөрүн эске алууга тийиш.

6.2. Добуш берүү үчүн жайга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочу келген учурда эң оболу ал кандайдыр-бир жардамга муктаж экендигин же жоктугун аныктоо керек.

6.3. Сокур болуп саналган шайлоочу менен баарлашууда аны коштогон адам менен эмес, түздөн-түз шайлоочу менен баарлашуу, шайлоочу менен маектешүүдө демейки оозеки лексиканы пайдалануу сунушталат, жайда эскертүүсүз андан алыстоого болбойт.

6.4. Угуусунун бузулушу бар шайлоочу менен иштөөдө түздөн-түз аны менен баарлашуу сунушталат, сөздөрдү түшүнүктүү жаңсоолор, добуш берүү жол-жобосу менен байланышкан тактоочу аракеттер менен толуктоого болот. Мындай шайлоочулар менен жазуу жүзүндө да же болбосо жаңсап которуучу аркылуу баарлашууга болот.

6.5. Сокур-дүлөй болуп саналган шайлоочулар менен иштөөдө тифложаңсап которуучу аркылуу баарлашуу сунушталат.

6.6. Таяныч-кыймылдоо аппаратынын функциялары бузулган шайлоочу менен иштөөдө отургучту сунуш кылуу же болбосо бюллетендерди берүү үчүн столдун жанынан кресло-коляска үчүн орунду бошотуу, жашыруун добуш берүү үчүн кабинага (орунга), добуш берүү үчүн жайдан чыга беришке чейин коштоону сунуш кылуу зарыл. Зарыл учурларда автотранспортко олтурууда көмөк көрсөтүү керек.

7. Корутунду жоболор

7.1. Шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга жеткирүү, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдары, башка органдар жана уюмдар, социалдык кызматкерлер аркылуу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты аркылуу жеткирүү боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Тиркеме №2

Тиркеме №3