Башкы ШАЙЛОО 2016 Шайлоо май 2017 Талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн статусу жөнүндө

Талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн статусу жөнүндө

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 19, 20, 21, 53, 60-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1."Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө" Жобо  бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук Шайлоо  комиссиясынын  расмий  сайтына  жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абдрахматовага  жүктөлсүн.

 

ТОРАГА                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек шаары, 2016-жылдын 11-октябры

№153