23.06.26 №79 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү боюнча үзгүлтүксүз ишти, төмөн турган шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 10-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн аймактык шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ишмердүүлүгүнүн багыттары 1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
2. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жумушчу топторго 2-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 10 чечими күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 23-июну
№79
