Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын актуалдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 “Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштер жөнүндө” чечимине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн курамы ушул чечимдин тиркемесине ылайык бекитилсин.
- 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 чечими менен бекитилген тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын;
2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 24-марты
№ 5