Жылкыбаев Узарбек Казиевич
КР БШКнын мүчөсү
Жылкыбаев Узарбек Казиевич
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1974-жылы 17-февралда Ысык-Көл облусунун Ананьево шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1999-жылы Казак мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. 2014-жылы - Кыргыз Республикасынын Юридикалык Академиясы, эл аралык мамилелер, өлкө таануу, юриспруденция адиси.
Эмгек жолу:
2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2018-2020-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
2017-2018-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
2015-2017-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2013-ж. азыркы учурга чейин Ысык-Көл облусунун Эркин күрөш федерациясынын президенти;
2013-2015-жж. – Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы;
2013-2015-жж. – "Кыргыз деңизи" санаторийинин директору;
2011-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү;
2008-2012-жж. – Ысык-Көл райондук кеңешинин депутаты, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча комиссиянын төрагасы;
2004-2008-жж. – Бостери айылдык кеңешинин депутаты;
2002-ж. – Бишкек шаарынын мэриясынын 1-категориядагы адиси;
1999-2001-жж. – Бостери айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин төрагасы.