Жакышов Русланбек Шергазиевич
КР БШКнын төрагасынын орун басары
Жакышов Русланбек Шергазиевич
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
1974-жылы 19-мартта Талас облусунун, Бакай-Ата районунун, Таш-Кудук айылында туулган.
2013-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетин инженер-механик адистигин, 2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Юриспруденция” бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолу:
2026-жылы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;
2021-2025-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары);
2017-2021-жылдары – Бишкек шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын депутаты, 2018-жылдан баштап 2021-жылдын сентябрь айына чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
2016-2017-жылдары – Бишкек шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаты;
2013-2015-жылдары – Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин районуна караштуу Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары;
2013-жылдын январь-апрель айларында – “КОМПАС-Транс” ЖЧКнын Башкы директору;
2011-2013-жылдары – ЖЧК “АИИД-Сервис” фирмасында директордун орун басары;
2010-2011-жылдары – Бишкек шаардык мэриясына караштуу транспорт башкармалыгынын КТП бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
2005-2010-жылдары – ОАО “Ак-Жолтой” мекемесинин кызматкери;
1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Армиясында жоокердик милдетин аткарган.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин грамотасы;
Бишкек шаардык кеңешинин грамотасы;
КР УКМКнын медалы;
КР ИИМдин медалы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин медалы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин медалы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин медалы;
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин медалы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын медалы
Класстык чини: Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси
