Маматов Кайрат Адамкалиевич

КР БШКнын мүчөсү

Маматов Кайрат Адамкалиевич

Маматов Кайрат Адамкалиевич

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

1981-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин финансы жана кредит факультетин аяктаган.2013-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын юристпруденция адистигин бутургон.

Эмгек жолу:

2021-ж. – азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

2020-ж. – азыркы учурга чейин "РСК Банк" ААК директорлор кеңешинин төрагасы;

2020-ж. – “РСК Банк” ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү,  тобокелдик боюнча комитеттин төрагасы;

2019-2020-жж. – “Борбордук Азиядагы банк капиталы” ААКтын башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси;

2019-2020-жж. – “Кайнар” ЖАКтын каржы директору;

2013-2019-жж. – "Айыл Банк" ААК директорлор кеңешинин төрагасы;

2008-2010-жж. – "Кайнар" ААК - Каржы директору, директор;

2007-2008-жж. – "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" МКК ААКтын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, төрагасы;

2006-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын иш башкаруучусу;

2004-2006-жж. – “Дентал системс” ЖЧКнын башкы директору, каржы директору;

2003-2005-жж. –Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Стоматология" ААКтын менеджери;

2001-2002-жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин стажеру.

Коомдук иши:

2012–2021-жж. – Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы;

2018-ж. азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасында Шайлоону өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү;

2011-2012-жж. – Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

2007-2008-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын коомдук башталыштагы жардамчысы;

2006-2012-жж. – Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Ден соолук жана коопсуздук кафедрасынын экономика боюнча окутуучу;

2005-2006-жж. – КР БШК төрагасынын коомдук башталыштагы жардамчысы.

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.