Лурова Лейла Хияновна

КР БШКнын төрагасынын орун басары

Лурова Лейла Хияновна

Лурова Лейла Хияновна

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары

1968-жылы 28-октябрда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган. 1991-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетин экономика бөлүмүнүн “Дүң соода жана материалдык-техникалык камсыздоо” адистигин, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын “Эл аралык мамилелер” адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

2026-жылы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;

2021-2025 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин орун басары);

2012-2016 жылдары Бишкек шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын депутаты;

1998-жылы “ЛБС Милк Продакшн” ЖЧКсынын директору;

1992-1993 жылдары “Адылов жана компания” соода үйүнүн кызматкери;

1989-1992 жылдары “Кыргыз дан азыктары жана даярдоо” мамлекеттик ишканасынын пландоо-экономика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

1988-1989 жылдары Бүткүл союздук илим-изилдөө долбоорлоо институтунун Статистикалык маалымат мекемесине караштуу Кыргыз ССР Соода министрлигинин дүң соода базаларын тейлөөдө техник-конструктору.

1986-жылы – Кыргыз керектөөчүлөр коомунун союзу, кенже адис.

Сыйлыктары:

КР Президентинин Ардак грамотасы (2023)

КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2023)

ЖККУда парламенттик кызматташтыкты чыңдоо үчүн медалы (2023)

Каржы министрлигинин «Кызматташтык салымы үчүн» медалы (2023)

Юбилейлик медалдар: КР ЖКнын 85 жылдыгы, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын 100 жылдыгы, КР милициясынын 100 жылдыгы, КР Конституциясынын 30 жылдыгы

КР ЖКнын мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн медалы (2025)

КР Омбудсменинин «Акыйкат» медалы