Койчукеев Нурлан Чокоевич
КР БШКнын төрагасынын орун басары
Койчукеев Нурлан Чокоевич
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары
1969-жылы 17-июнда туулган.
Билими: атайын орто, жогорку юридикалык. 1988-жылы «Данды сактоо жана кайра иштетүү технологиясы» адистиги боюнча «техник-технолог» квалификациясын алып, КТППны бүтүргөн. 2001-жылы «юриспруденция» адистиги боюнча «юрист» квалификациясын алып, КУУну бүтүргөн.
Эмгек жолу:
07.2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;
2020-2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөсү;
07.2016-09.2016-жж. – «Бакай Банк» ААКтын укук секторунун башкы адиси;
06.2014-06.2015-жж. – жеке адвокат;
04.2013-06.2014-жж. – Чүй облусунун Жайыл районунун адвокатынын жардамчысы;
06.2006-03.2009-жж. – «Ореон-Экстра» ЖЧК юристи;
01.2001-08.2009-жж. – «Колесников» ЖИ юристи;
01.1995-01.2001-жж. – жеке эмгек ишмердиги;
1990-1995-жж. – Жайыл районунун «Победа» колхозунун мүчөсү.