Башкы БШК БШКнын курамы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович

Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович

БШКнын курамы
Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович
Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович КР БШКнын мүчөсү — Учурдагы курам КР БШКнын мүчөсү — 2021 - 2026

Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

1960-жылы 8-апрелде Нарын облусунун, Нарын шаарында туулган.

Билими жогорку: 1987-жылы – Кыргыз мамлекеттик университетин тарых адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

2026-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

2021-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;

2020-2021-жылдары – Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси;

2010-2020-жылдары – Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары;

2010-жылы Убактылуу өкмөт менен Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары;

2009-2010-жылдары – Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары.

2008-2009-жылдары – Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси;

2005-2008-жылдары – Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары;

2000-2005-жылдары – Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппарат жетекчисинин орун басары;

2000-жылы Жогорку Кеңештин Жаштар, спорт, туризм, коомдук уюмдар менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;

1996-2000-жылдары – Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын Этика, коомчулук менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси;

1995-1996-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын жардамчысы;

1993-1994-жылдары – Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинде экинчи катчы;

1993-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Маалымат, басма сөз, котормо жана жарыялоо бөлүмүнүн биринчи категориядагы адиси;

1992-1993-жылдары – Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин жардамчысы;

1991-1992-жылдары – Кыргыз Республикасынын Экономика комитетинин төрагасынын жардамчысы;

1989-1991-жылдары – Бишкек шаарынын Ленин райондук компартиянын идеология бөлүмүнүн инструктору;

1987-1989- жылдары – Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу;

1979-1981-жылдары – Советтик армияда кызмат өтөгөн;

1979-жылы – №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасынын комсомолдук уюмунун катчысы;

1977-жылы – Чолпон-Ата шаарындагы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасында жумушчу.

Коомдук “Манас” академиясынын академиги;

Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Ой санат”, “Жол санат”, “Нарк куржун”, “Нарк куржун 2”, “Кыргыз наркы” китептеринин автору;

Ардактуу наамы – Кыргыз республикасынын “Даңк “ медалынын ээси. СССРдин "Ардак белгиси" ордени, Казакстан республикасынын II даражадагы “Достык” ордени, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын “Кызматташтык” ордендери менен сыйланган.

Кыргыз республикасынын мамилекеттик кызматына эмгек сиңирген ишмери.

2007-жылы – "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 70 жыл" төш белгисин алган.

Класстык чини – Кыргыз Республикасынын биринчи даражадагы мамлекеттик кеңешчиси.