КР БШКнын мүчөсү-Арипов Назарали Турдалиевич
|
АРИПОВ Назарали Турдалиевич-Борбордук шайлооо комиссиясынын мүчөсү 1970-жылдын 28-апрелинде Баткен облусунун Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган. Билими жогорку. Ош Технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүн аяктаган. 1990-жылы Россия Федерациясынын Тольятти шаарында Волга автомобилдик заводунда; 1994-1997-ж.ж. «Эрдик» жеке ишканасынын директору; 1997-2001 –ж.ж. Жеке иштер; 2001-2003 –ж.ж. «Прагма Inc.» ЖЧКсынын директору; 2003-2009 ж.ж. - «Гефест» ЖЧКсынын директору; 2007-ж. - Ош шаардык кенештин депутаты; 2009-2010-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ош шаары боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгынын директору; 2010-2015 –ж.ж. «Республика» саясий партиясынан V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты. «МПА СНГ» - 20-жыл» юбилейлик медали менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. |