Бекматов Абдыжапар Гапырович

КР БШКнын мүчөсү

Бекматов Абдыжапар Гапырович

Бекматов Абдыжапар Гапырович

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

1961-жылы 15-январда Ош облусунун Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулган.

1983-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун, 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

2016-2021-ж.ж.. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;

2010-2015-ж.ж. – «Республика» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты;

2001-2010-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

2000-2002-ж.ж. – «Алтын-Темир» корпорациясынын аткаруучу директору;

1996-2000-ж.ж. – Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;

1995-1996-ж.ж. – Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы;

1991-1995-ж.ж. – Ноокат районундагы ветеринардык-санитардык отрядынын жетекчиси;

1990-1991-ж.ж. – Кыргызстан КП Ноокат РКнын партиялык уюштуруучусу;

1987-1990-ж.ж. – Кыргызстан ЛКЖС Ноокат РКнын II- катчысы;

1985-1987-ж.ж. – Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун башкы ветеринардык врачы;

1983-1985-ж.ж. Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык врачы.

Ардактуу наамыКР мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери Класстык чини – КР мамлекеттик кызматтын 3- класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.

Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын отличниги.

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги.

КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ардак грамотасы.