Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылынын 27-августуна республиканын 17 шаарларында мэрлерди шайлоону дайындады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2011-жылынын 12-августундагы жыйналышында Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын шаарларында мэрлерди шайлоону 2011-жылынын 27-августуна дайындоо жөнүндө  токтом кабыл алды. Ушул токтом “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2- бөлүмүнө, 43-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, шаарлардын мэрлик кызматына бош орундар бар болгондугуна байланыштуу кабыл алынды. 

2011-жылдын 27-августунда төмөнкү облустук маанидеги шаарларда мэрлердин шайлоосу өткөрүлөт: Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Токмок;райондук маанидеги шаарларда: Исфана, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак.

Ушундан улам, шаарлардын мэрлик кызматына бош орундар түзүлгөндүгүнө байланыштуу  шайлоолор республиканын 25 шаарларынан ичинен 17 шаарларында өткөрүлөт.

Республиканын мыйзамдарына ылайык, шаарлардын мэрлерин жашыруун добуш берүү жолу менен белгиленген мөөнөткө жергиликтүү шаардык кеңештин депутаттары шайлашат. Мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо укугуна шаардык кеңештин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ээ.

Шаардын мэри болуп иш-аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү, мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген эмгек стажысы  бар, болбосо билим берүү же ден соолукту чындоо мамлекеттик мекемелерде 5 жылдан кем эмес эмгек стажыcы бар Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

Мыйзамда бекитилген тартипте кылмыштык кылгандыгы үчүн соттолгондугу бар, соттолгондугу жоюлбаган же соттолгондугу алынып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло албайт.

Шаарлардын мэрлерин шайлоону Борбордук шайлоо комиссия дайындайт, аймактык шайлоо комиссия өткөрөт. Эгер шайлоого шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экисинен кем эмес депутаттар катышса,  шаарлардын мэрлеринин шайлоосу болду деп эсептелинет.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы