2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (элдик добуш берүүнүн) натыйжалары

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары – Конституциялык Мыйзам) ылайык, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 174 Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2016-жылдын 11-декабрында “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылды.

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен 2016-жылдын 11-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын референдумунун натыйжалары жөнүндө протокол (мындан ары – референдумдун натыйжалары жөнүндө протокол) түздү.

Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын 
2016-жылдын 22-декабрындагы № 243 токтомуна ылайык, референдумдун натыйжалары жөнүндө протокол түзүлгөндө, добуш

берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган референдум участкалары боюнча маалыматтар жокко чыгарылгандыгы эске алынды.

Референдумдун натыйжалары жөнүндө протоколго ылайык:

референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны 2 816 423;

добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны 1 190 752 же референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы санынын 42,44 пайызы;

добушка коюлган суроого “МАКУЛ” деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны 948 185 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын санынын 79,63 пайызы;

добушка коюлган суроого “КАРШЫ” деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны 185 140 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын санынын 15,55 пайызы.

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-декабрындагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы 
№ 174 Мыйзамына ылайык долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумуна (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) болуп өттү деп табылсын.

3. “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы 
№ 174 Мыйзамына ылайык долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган жана “Эркин Тоо” газетасынын 2016-жылдын 
4-ноябрындагы № 94 санына жарыяланган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынды деп эсептелсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

ТӨРАГА                                                            Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 22-декабры

№ 244

 

Төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица