КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 13-октябрь 2017-жыл
Өткөрүү датасы: 13-октябрь 2017-ж.
Убактысы: 18:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(Баяндамачы – Л.А. Кутуева, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти)
2. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө
(Баяндамачы – Н.Ташполотова, маалымат бөлүмүнүн эксперти)
3. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо учурундагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жумушчу топторунун иши тууралуу маалымат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун маалыматы
(Баяндамачы – Е.Ж. Джилкичиева, Жумушчу топтун жетекчиси)
2) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топтун маалыматы
(Баяндамачы – Бекматов А.Г., Жумушчу топтун жетекчиси)
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун маалыматы
(Баяндамачы – Арипов Н.Т., Жумушчу топтун жетекчиси)
4) Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун маалыматы
(Баяндамачы – Асаналиев А.Т., Жумушчу топтун жетекчиси)
5) Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча жумушчу топтун маалыматы
(Баяндамачы – Кадыров Б.С., Жумушчу топтун жетекчиси)
6) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы
(Баяндамачы – Баатырова Г.М., Жумушчу топтун жетекчиси)
7) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде жашаган же жүргөн жарандардын катышуусун уюштуруу боюнча жумушчу топтун маалыматы
(Баяндамачы – Абдрахматова А.Б., Жумушчу топтун жетекчиси)
4. Ар түрдүү маселелер
ТӨРАГА