Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 30.04.2021 №79 «Ата-Журт Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Нур», «Кыргызстан» саясий …

30.04.2021 №79 «Ата-Журт Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Нур», «Кыргызстан» саясий партияларынын арыздары жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

«Ата-Журт Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Нур», «Кыргызстан» саясий партияларынын арыздары жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Өзгѳн шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо «Кыргызстан Элдик демократиялык партиясы» (мындан ары – «КЭДП») саясий партиясын каттоону жокко чыгаруу тууралуу Ата-Журт Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Нур», «Кыргызстан» саясий партияларынан арыздар келип түшкѳн.

Арыз ээлери «КЭДП» саясий партиясы тарабынан 2021-жылдын 10 жана 11-апрелинде шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузуу болгондугун, атап айтканда саясий партия тарабынан добуш берген күнү жана добуш берердин алдындагы күнү шайлоочуларды сатып алуу болгонун, үгүт иш-чаралары ѳткѳрүлгѳндүгүн кѳрсѳтүшкѳн.

2021-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) саясий партиялардын, алардын ишенимдүү ѳкүлдѳрүнүн жана байкоочулардын арыздарын карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады.

Талаштын предметтери окшош болгондугуна байланыштуу Жумушчу топ аларды кароону бириктирди.

Арыздардын маңызы боюнча “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 41-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык белгилейбиз: “ Шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.”.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 42-беренесинин 8-бѳлүгүнѳ ылайык “Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектине анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечимдер кабыл алынгандыгы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 3 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.”.

Мыйзамдын 42-беренесинин 5, 6-бѳлүктѳрүнѳ жараша “5. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) аймактык шайлоо комиссиясына даттанылат.

6. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат.”.

Мыйзамдын 42-беренесинин 13-бѳлүгүнѳ ылайык “Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт. Арызды (даттанууну) берүү мөөнөтүнүн өтүшү чечим кабыл алынган күндөн, аракет (аракетсиздик) жасалган күндөн кийинки күнү баштала” тургандыгы белгиленген.

Ошентип арыз далилсиз берилип, кошумча материалдар (маселен флэш картта же CD-disc) тиркелген эмес, ушуга байланыштуу чыныгы шарттарды иликтеп тактоо жана арыз ээси берген далилдерди талдоо мүмкүн эмес болду. Мындан тышкары, арыз ээлери тарабынан ушул иш боюнча аймактык шайлоо комиссиясына маалымат түшкѳн эмес.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41, 42 -беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Кыргызстан Элдик демократиялык партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону чыгаруу тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Нур», «Кыргызстан» саясий партияларынын, саясий партиялардын ишенимдүү ѳкүлдѳрүнүн, байкоочулардын арыздарын канааттандырудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 30-апрели

№ 79