Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 30.04.2021 №84 М. Айдарованын арызы жѳнүндѳ

30.04.2021 №84 М. Айдарованын арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

М. Айдарованын арызы жѳнүндѳ

2021-жылдын 14, 22, 26 жана 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо дана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кескен-Таш айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер М. Айдаровадан аталган айылдык кеңешке талапкерлер Мустафакулова Патила Турдубаевнага, Патталова Асел Абдикаримовнага жана Эгембердиев Азизбек Саламовичке карата арыз келип түшкѳн.

Арызда талапкер М. Айдарова талапкерлер П. Мустафакулова, А. Патталова, А. Эгембердиев тарабынан шайлоо алдындагы үгүт ѳнѳктүгүнүн мезгилинде шайлоо мыйзамдарынын нормалары бузулгандыгы, атап айтканда добуш берген күнү талапкерлер П. Мустафакулова жана А. Эгембердиев № 8125 шайлоо участкасынын жанында турушуп, үгүт иштерин жүргүзүшкѳнү баяндалган. Ошондой эле арыз ээси А. Патталова басма үгүт материалдарын чыгарууда чыгаруу маалыматтарын кѳрсѳткѳн эмес деп белгилейт.

Мындан тышкары, арыз ээси 2021-жылдын 13-апрелинде Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына (мындан ары – Кадамжай АШК) арыз менен кайрылганын, 2021-жылдын 15-апрелинде анын арызы каралып, аймактык шайлоо комиссиясы 19-апрелде чечиминин кѳчүрмѳсүн бергендигин белгилеген. Ушуга байланыштуу арыз ээси Кадамжай АШК эч аракет кылбагандыгын билдирген жана шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгы үчүн жогоруда аталган талапкерлерге жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрүнѳ карата чара колдонууну суранган.

Кыргыз Республикасында шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана башка шайлоо процессинин субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2021-жылдын 29-апрелиндеги жыйынында талапкер М. Айдарованын талапкерлер П. Мустафакуловага, А. Патталовага, А. Эгембердиевге карата даттануусун карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады.

2021-жылдын 13-апрелинде арыз ээси тарабынан Кадамжай АШКнын дарегине кайрылуу жѳнѳнтүлгѳн, ѳзү тарабынан аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 15-апрелинде М. Айдарованын арызын карап чыгып, 24 сааттын ичинде арыз ээсине тапшырган, бул тууралуу түшүнүк каты жазылган.

Материалдарды карап чыгып жана кызыктар тараптардын жүйѳлѳрүн угуп, Жумушчу топ тѳмѳндѳгүдѳй корутундуга келет.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары –шайлоо жѳнүндѳ Мыйзам) 41-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык, «Шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.».

Шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамдын 42-беренесинин 8-пунктуна ылайык, «Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектине анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечимдер кабыл алынгандыгы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 3 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.».

Шайлоо жѳнүндѳ Мыйзамдын 42-беренесинин 13-пунктуна ылайык, «Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт. Арызды (даттанууну) берүү мөөнөтүнүн өтүшү чечим кабыл алынган күндөн, аракет (аракетсиздик) жасалган күндөн кийинки күнү башталат.».

Ушуга байланыштуу арыз ээси тарабынан калыбына келтирилүүгѳ жатпаган процесстик мѳѳнѳттѳр ѳткѳрүлүп жиберилгендигин, андан калса, арыз ээси белгилегендей, бул бузуулар шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде орун алгандыгын, мындан тышкары бузуулар фактысы жѳнүндѳ арыз ээси тарабынан жүйѳлѳштүрүлгѳн далилдер берлибегендигин белгилѳѳ зарыл.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41, 42-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18 -беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кескен-Таш айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер М. Айдарованын 2021-жылдын 14- апрелиндеги №А-179, 2021-жылдын 22- апрелиндеги №А-191, 2021-жылдын 26-апрелиндеги №А191/2 жана 2021-жылдын 29-апрелиндеги №А-212 арыздарын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Кыргыз Республикасында шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана башка шайлоо процессинин субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 30-апрели

№84