Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 23.04.2021 №72 Р.А. Сополованын арызы жѳнүндѳ (кир. №01-12/133, …

23.04.2021 №72 Р.А. Сополованын арызы жѳнүндѳ (кир. №01-12/133, 19.04.2021 -жыл)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Р.А. Сополованын арызы жѳнүндѳ

(кир. №01-12/133, 19.04.2021 -жыл)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Р.А. Сополовадан Таш-Булак айыл башчысы Э. Султановго карата арыз келип түшкѳн.

Өзүнүн арызында Р.А. Сополова талапкер Султанова Ёркин Бекмурзаеванын жубайы Э. Султанов тарабынан «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-1-беренесинин нормалары бузулгандыгы белгиленген, анткени шайлоо ѳнѳктүгүнүн мезгилинде ал ѳзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, шайлоочуларга басым кѳрсѳткѳн.

Арыз ээси шайлоо мыйзамдарынын нормиалары жана анын талапкер катары укуктары бузулган деп эсептейт. Ушуга байланыштуу арыз ээси Э. Султановду (талапкердин жубайын) жоопкерчиликке тартууну жана анын аракеттеринен улам талапкер Ё.Б. Султанова үчүн берилген добуштарды анык эмес деп эсептѳѳнү суранган.

Арызда кѳрсѳтүлгѳн бардык шарттарды аныктоо үчүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги Жумушчу топтун жыйынына арыз ээси Р.А. Сополова чакырылган.

Арыз ээсин угуп, ошондой эле арызды жана сунуш кылынган материалдарды карап чыккандан кийин тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 17-1-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, «Администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдалануу – талапкерлер, кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын мүчөлөрү жана уюштуруучулары тарабынан мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын же мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жумушчуларынын үстүнөн, тигил же бул талапкерди, саясий партияны колдоонун саясий же башка формаларына айланып кетүүчү, бардык талапкерлердин теңдигин бузуучу финансыларды жана аларды бөлүштүрүүнүн үстүнөн контролдоонун натыйжасында алынган адамдык, финансылык, материалдык, медиалык, институционалдык ресурстардын шайлоодо мыйзамсыз колдонулушу» болуп саналат.

Мындан тышкары, Жумушчу топтун жыйынында Р.А. Сополова арызда кѳрсѳтүлгѳн жүйѳлѳр ага 2021-жылдын 12-апрелинде гана белгилүү болгондугун белгилеген.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын 42-беренесинин 8-бѳлүгүнѳ ылайык, «Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектине анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечимдер кабыл алынгандыгы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 3 календардык күндөн кечиктирилбестен бериле» тургандыгын белгилѳѳ зарыл.

Ошону менен бирге Мыйзамдын 41-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык, «Шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыз же даттануу менен кайрыла алат. Арыз, даттануу жүйөлүү болуп жана алар негизденген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.».

Ушуга байланыштуу Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Р.А. Сополова тарабынан Жумушчу топтун жыйынында ѳзүнүн жүйѳлѳрүн негиздеген жана материалдарды тастыктаган кандайдыр-бир далилдер берилбегендигин белгилѳѳ зарыл.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-1, 41, 42 -беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Э. Султановду жоопкерчиликке тартуу жана талапкер Ё.Б. Султанованын катоосун жокко чыгауу тууралуу Р.А. Сополованын арызын канаатандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 23-апрели

№ 72