Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 23.04.2021 №71 А.В. Токобаеванын арызы жѳнүндѳ (кир. №01-12/1339, …

23.04.2021 №71 А.В. Токобаеванын арызы жѳнүндѳ (кир. №01-12/1339, 19.04.2021-жыл)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

А.В. Токобаеванын арызы жѳнүндѳ

(кир. №01-12/1339, 19.04.2021-жыл)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Т. Калыковага карата Чүй районундагы Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Токобаева Айнура Викторовнадан арыз келип түшкѳн.

Өзүнүн арызында А.В. Токобаева А.Т. Калыкова Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталганын, бирок ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын Борбордук аймактык ѳкүлчүлүгүндѳ башкы адис болуп саналарын кѳрсѳткѳн. Ушуга байланыштуу бул «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин жана «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин нормаларына карама каршы келет.

Ушуга байланыштуу А.Т. Калыкованы жергиликтүү кеңештин депутаттыгына каттоодон баш тартууну суранган, анткени ал мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналат.

Арызда кѳрсѳтүлгѳн бардык шарттарды аныктоо үчүн Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2021-жылдын 21-апрелиндеги жыйынына арыз ээси А.В. Токобаева жана Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Н. Эсенбеков (онлайн түрүндѳ катышты) чакырылган.

Материалдарды карап чыгып, кызыктар тараптардын жүйѳлѳрүн угуп, Жумушчу топ тѳмѳндѳгүдѳй корутундуга келет.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 49-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт».

Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, «Талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турат, эгер ал төмөндөгүлөрдөн болуп саналса:

1) Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы;

2) мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) карабастан, мамлекеттик кызматчы;

3) жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы;

4) муниципалдык кызматчы;

5) 30 пайыздан ашык мамлекеттик (муниципалдык) үлүш менен катышкан мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери;

6) жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери».

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын 2021-жылдын 4-мартындагы № 26/б буйругуна ылайык А.Т. Калыкованын КР МККнын Борордук аймактык ѳкүлчүлүгүнүн башкы адисти катары кызматтык ыйгарым укуктары токтотулган. Катталган талапкер шайлоонун жыйынтыктары аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган учурдан тартып укугун жоготот жана талапкердин статусуна байланыштуу милдеттеринен бошотулат.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 51-беренесинин 2-бѳлүгүндѳ «Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшыра» тургандыгы белгиленген.

Ушуга байланыштуу азыркы күндѳ А.Т. Калыковада жергиликтүү кеңештин депутаттына талапкердин статусу бар экендигин, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары аныктала электигин белгилѳѳ зарыл.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 49, 51-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Чүй районундагы Чүй айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер А.В. Токобаеванын арызын канаатандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 23-апрели

№ 71