Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 12.03.2020 А.Б. Тургуналиеванын арызы жөнүндө

12.03.2020 А.Б. Тургуналиеванын арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2020-жылдын 13-январында Нарын областынын Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну Тургуналиева Асыл Бейшеновнадан 2020-жылдын 8-январындагы Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаты Тургуналиева Асыл Бейшеновнанын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын №2-чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз (мындан ары – Арыз берүүчү) келип түшкөн.

Арыз берүүчү 2019-жылдын 29-июлунда Нарын областынын Жумгал райондук сотунун өкүмү менен Жоруктар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин (мындан ары – Жоруктар жөнүндө кодекс) 119-беренесинин негизинде Тургуналиева Асыл Бейшеновна жорук жасоого күнөөлү деп табылгандыгын билдирет.

Арызда Жоруктар жөнүндө кодекстин 42-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык: «Адамды ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке тартуу анын соттоолусуна алып келбейт.»- деп белгиленген.

Буга байланыштуу арыз берүүчү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы укукка сыйбаган чечим кабыл алды деп эсептейт жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 8-январындагы №2-чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоочулардын жана башка шайлоо процессинин субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун жыйналышына Тургуналиева Асыл Бейшеновнанын өкүлү Сыдыков Урматбек Мамбетжусупович катышкан, ал арызда көрсөтүлгөн тыянактарды колдогон.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы арызды жана бардык зарыл материалдарды карап, төмөндөгүдөй тыянакка келди.

Нарын областынын Жумгал райондук сотунун 2019-жылдын 29-июлундагы өкүмү менен Тургуналиева Асыл Бейшеновна Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренеси боюнча күнөөлү деп таабылып, ошол эле Кодекстин 54-беренесинин негизинде ага жалпы 1 жылдык мөөнөткө эркиндигин чектөө түрүндө айып чарасы колдонулган.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 3-беренесинин 1-бөлүгүндө: «Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адам мыйзам алдында бирдей жана жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук тийиштүүлүгүнө, дин тутуусуна, жаш курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, туулганына, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка шарттарга карабастан жазык жоопкерчилигине тартууга жатат.»- деп белгиленген.

Ошондуктан, Тургуналиева Асыл Бейшеновна жогоруда көрсөтүлгөн ченемге ылайык жазык жоопкерчилигине тартылган.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 344-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: «Айыптоо өкүмүнүн резолютивдик бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлүгө тийиш:

1) айыпталуучунун  фамилиясы, аты-жөнү;

2) айыпталуучуну кылмыш жана/же жорук жасоого күнөөлү деп таануу жөнүндө чечим;

3) айыпталуучу күнөөлү деп табылган жоруктар жөнүндө Кылмыш-жазык кодексинин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин пункту, бөлүгү, беренеси;

4) кылмыш жасоого айыптуу деп таанылган ар бир кылмыш же жорук үчүн айыпталуучуга дайындалган жазанын түрү жана өлчөмү;

5) Кылмыш-жаза кодексинин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин беренелеринин негизинде жазага жаткан акыркы чара;

6) пробациялык көзөмөлдү, ошондой эле контролдук талаптарды жана соттолуучуга жүктөлгөн пробациялык милдеттерди, анын ичинде пробация органына келүү милдетин колдонуу менен жазадан бошотууда пробациялык көзөмөл мөөнөтүнүн узактыгы;…».

Нарын областынын Жумгал райондук соту 2019-жылдын 29-июлунда Тургуналиева Асыл Бейшеновнага карата төмөндөгүдөй айыптоо өкүмүн чыгарган: «Тургуналиева Асыл Бейшеновна Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, төмөнкүдөй жазага кириптер кылынсын:

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси менен 6 (алты) айга эркиндиги чектелсин;

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси менен 6 (алты) айга эркиндиги чектелсин;

- Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 54-беренесинин негизинде жалпысынан 1 (бир) жылга эркиндиги чектелсин.

Бул мезгилде, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу инспекциясынын Жумгал райондук пробация органына каттоого туруп, өз убагында мезгил-мезгили менен каттодон өтүшү жана жогоруда көрсөтүлгөн органдардын уруксаты жок өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого, пробация органдарын өзүнүн жашаган жери, иши өзгөргөндүгү тууралуу кабардар кылуусу милдеттендирилсин.”.

Жогоруда баяндалгандан улам, Тургуналиева Асыл Бейшеновнага карата 2019-жылдын 29-июлунда Нарын областынын Жумгал райондук соту 1 (бир) жылдык мөөнөткө эркиндигин чектөө түрүндө жаза дайындоо менен айыптоо өкүмүн чыгарган.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине,  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  24-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн ага карата соттун айыптоочу өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши негиз болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процестик кодексинин  418-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: “Биринчи инстанциядагы соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирет жана эгерде ал даттанылбаса, апелляциялык даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин аткарууга жатат.”.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин  393-беренесинин 1-бөлүгүндө апелляциялык даттануулар жана биринчи инстанциядагы өкүмүнө даттанууларды берүү өкүмдүн токтому кабыл алынган күндөн тартып 30 сутканын ичинде, ал эми камакта кармалган соттолгондор үчүн – аларга өкүмдүн, аныктаманын, токтомдун көчүрмөлөрү берилген күндөн тартып ошол эле мөөнөттө берилиши мүмкүн.

Ошентип, Нарын областынын Жумгал райондук сотунун 2019-жылдын

29-июлундагы Тургуналиева Асыл Бейшеновнага карата өкүмгө апелляциялык даттануу берилбегендиктен 30 сутка өткөндөн кийин, башкача айтканда 2019-жылдын 28-августунда күчүнө кирген, азыркы учурда Тургуналиева Асыл Бейшеновна жаза өтөп жатат, жаза өтөө мөөнөтү   2020-жылдын 29-июлунда аяктайт.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Нарын областынын Жумгал райондук сотунун 2019-жылдын 29-июлундагы өкүмүн мыйзамдуу күчүнө кирди деп эсептеп, ал эми жаза өтө мөөнөтү 2020-жылдын 29-июлунда аяктагандыгына көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаты Тургуналиева Асыл Бейшеновнанын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 8-январындагы №2-чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүчүнүн талаптарын канааттандыруу үчүн укуктук негиз жок деп эсептейт.

“Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин, “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка суъбектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун чечимин көнүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

         1. Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаты Тургуналиева Асыл Бейшеновнанын  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 8-январындагы №2-чечимин жокко чыгаруу тууралуу А.Б.Тургуналиеванын даттануусун канааттандыруудан баш тартылсын.

         2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субектилеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А. Т. Асаналиевге жүктөлсүн.

 

 

           ТӨРАГА                                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 Бишкек ш., 2020-жылдын 12-марты

№5