Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 09.04.2020 А.Т. Бердиевдин арызы жѳнүндѳ

09.04.2020 А.Т. Бердиевдин арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2020-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан талапкерлердин катталган тизмесинде № 92де турган Бердиев Аккулу Тагаевичтен арыз келип түшкѳн.

Өзүнүн арызында А.Т. Бердиев тѳмѳндѳгүлѳрдү билдирген: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасыны конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бѳлүгүнѳ ылайык “Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, талапкерлердин катталган тизмесинде чыгып калган депутаттан кийин турган адам Борбордук шайлоо комиссиясы аны Жогорку Кеңештин депутаты деп каттаганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.”

 Мына ушунун негизинде А.Т. Бердиев “Республика – Ата Журт» партиясынан КР ЖКнын дептутаты ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткондугуна байланыштуу, ал депутаттыкка талапкердин статусун алган жана ээ болгон болуп саналат, ушуга байланыштуу аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоону суранган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин   арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча  жумушчу топ 2020-жылдын 9-апрелинде арызды карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт.

21-берененин 11-бѳлүгү депутаттын бош орду пайда болгондо талапкерлердин тизмесинде катталган талапкердин статусун  кайра жандандырууну белгилеген жалпы норма болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-1-бѳлүгүнүн (Жогорку Кеңештин дептутатын каттоо, депутаттын бош ордун ээлѳѳ) нормасы менен такталат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын ээлѳѳнүн тартибин жана кимиси “аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен; эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен катталган кийинки талапкер болорун белгилейт.

Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы көрсөтүлгөн адамдар болбогон учурда, депутаттын мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.”.

Жогорку Кеңештин депутатынын бошогон мандатын ээлѳѳ менен байланышкан мамилелерге тийиштүү дал ушул 65-берененин 4-1-бѳлүгүнүн нормасы 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирген.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде ченемдик укуктук актылар күчүнѳ кирген күндѳн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарууга жатат деп белгиленген.

Жогоруда белгиленгендердин негизинде, «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган, демек ошого ылайык чыгып кеткен депутаттан кийин  аял жынысындагы талапкерлердин ичинен талапкерлердин катталган тизмесинде кийинки турган адам талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот. Ошондуктан депутат А.Ж. Исмаилованын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнүн мурда токтотулгандыгынан улам  бошогон  мандат аял жынысындагы кийинки катталган талапкерге берилүүгѳ тийиш.

         Ушуга байланыштуу Жумушчу топ А.Т. Бердиевдин арызын канаттандыруудан баш тартуу  жана аны Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

         Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы А.Т. Бердиевдин арызын (жыйында анын катышуусу менен) жана ал боюнча Жумушчу топтун чечимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасыны конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-1-бѳлүгүнүн нормасы күчүнѳ кирген болуп саналат жана 2020-жылдын 1-январынан кийин пайда болгон, бошогон мандатты ээлѳѳгѳ  байланышкан мамилелерге колдонууга жатат деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин   арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бѳлүгүн, 65-беренесинин 3, 4-1-бѳлүктѳрүн, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 30-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

 

ЧЕЧТИ:

 

1. 2020-жылдын 9-апрелиндеги А.Т. Бердиевдин арызын канаатандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин   арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча  жумушчу топтун жетекчиси А. Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 9-апрели

№ 8