08.09.2015 № 80 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бийзаев Зорбек Женишбекович тууралуу кайрылуусун карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча 2014-жылдын 7-февралында №150-14-26 кылмыш иши козголгон, мындан ары тергөө амалдарын уюштуруу үчүн бул иш Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан З.Ж. Бийзаевге карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы (сырттан) тандалган. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 21-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө соттун актысын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын макулдугу талап кылынбагандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ал эми адвокаттар бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө актты кабыл алган сотто конституциялык Мыйзамда белгиленген укугун ишке ашырууга тийиш экендиги боюнча түшүндүрмө берилсин. 2. Бул чечимдин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жиберилсин жана “Улуу Кыргызстан” саясий партиясынын өкүлүнө берилсин. 3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. |
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ |
Бишкек ш., 2015-жылдын 8-сентябры
№ 80