12.02.2016 № 3 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү документтердин тизмегин жана формаларын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 17-21, 53, 60 – беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмегин жана талапкерлерди каттоо үчүн аймактык шайлоо комиссиясына саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан тапшырыла турган керектүү документтердин тизмеги жана формалары бекитилсин (1-тиркеме), (2-тиркеме).
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Ж.А. Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 12-февралы
№ 3