07.03.2014 ЧЕЧИМ №6 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Данияров Санжарбек Бакировичтин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча өтүнүч кат жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, илимге эмгек сиңирген ишмер жана республиканын эмгек сиңирген врачы, илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, медицина илимдеринин доктору, профессор, республиканын Жогорку Советинин элдик депутаты болуп бир нече жолу шайланган, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мурдагы мүчөсү Данияров Санжарбек  Бакировичтин   көрүнүктүү  салымын эске алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,30-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мурдагы мүчөсү С.Б. Данияровдун элесин түбөлүккө калтырууну жана Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтуна анын ысмын берүүнү өтүнүч кылынсын (тиркелет).

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                              Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек шаары,

2014-жылдын 7-марты

Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 7 мартынын №6 чечиминин тиркемеси

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мурдагы мүчөсү
Данияров Санжарбек  Бакировичтин

элесин түбөлүккө калтыруу боюнча


ӨТҮНҮЧ КАТ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин бири, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги,  илимге эмгек сиңирген ишмер жана республиканын эмгек сиңирген врачы, илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, медицина илимдеринин доктору, профессор Санжарбек Бакирович Данияровдун элесин түбөлүккө калтыруу боюнча өтүнүчү менен кайрылат.

С.Б.Данияров 1928-жылы Кемин районунун Кайынды айылында туулган. Он беш жаш өспүрүм курагында КММИ алдындагы даярдоо курсуна өтүп, андан көп өтпөй дарылоо факультетинин студенти болуп калат. 1948-жылы институтту эң жакшы баалар менен бүтүрүп, жаш бүтүрүүчү КММИ физиология кафедрасынын аспирантурасына өтөт, андан көп өтпөй мыкты аспиранттардын катарында Ленинград шаарына,  СССР ИАнын И.П.Павлов атындагы физиология институтунун Физиологиялык ой-жүгүртүү борборуна жиберилет. 1952-жылдын февралында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, өзүнүн жогорку окуу жайына кайтып келип, илимий-педагогикалык ишке өз алдынча киришет

С.Б. Данияровдун ар тараптуу кызыкчылыктары жана жеке сапаттары ага өзүн педагогикалык чеберчиликтин бардык тепкичтерин: ассистенттен баштап профессор, кафедра башчысына чейин, ырааты менен өткөн зээндүү окутуучу катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Илим жаатында дагы ал артта калган жок. Илимпоздун новаторлук илимий багыттарынын бири нурдун таасирине карата жүрөк-тамырлары системасынын жана дем алуунун реакцияларын изилдөө болду, ал С.М. Киров атындагы Согуштук-Медициналык Академиясында (Ленинград шаары) доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактады.

Анын жетекчилигинде кафедрада бийик тоолуу шарттарда жүрөк-тамыр ссистемасынын көнүү реакцияларынын физиологиялык механизмдеринин фронталдык эксперименталдык изилдөөлөр ачылган. Мындан тышкары, “Студенттердин саламаттыгы” көйгөйүнүн кеңири изилдөөсү башталды.

Санжарбек Бакирович жигердүү илимий ишти педагогикалык жана администрациялык иштер менен айкалыштырган. КММИнин дарылоо факультетинин деканынын орун басары, проректору жана ректору кызматтарында абдан кызыгып иштеген.

Анын күч-кубатынын, жаңы нерселердин бардыгына умтулуусунун аркасында институтта окуу процессин оптималдаштыруунун заманбап ыкмалары өнүккөн, педагогикалык иштин прогрессивдүү формалары киргизилген, студенттерди окутууну жана тарбиялоону жекелештирүү максатында аларга психологиялык текшерүү жүргүзүлгөн.

КГМИде 9 жыл бою проректор, андан соң 17 жыл ректор болуу менен С.Б.Данияров институттун окуу базасын кеңейтүүгө көп күч жумшап, эки окуу корпусун, беш студенттик жатакананы курууну, 1000 койкалык клиникалык оорукананы жана башкаларды долбоорлоону жүзөгө ашырган.

Медициналык жардамдын сапатын жогорулатууда жана врачтардын билимин жаңылоодо үзгүлтүксүз окутуунун жана тиешелүү түрдө практикалык саламаттыкты сактоого илимдин жетишкендиктерин жана алдыңкы технологияларды киргизүүнү эске алып, С.Б. Данияровдун жетекчилиги астында медициналык институтта врачтардын билимин өркүндөтүү факультети ачылган, андан соң 1992-жылы Медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди үзгүлтүксүз даярдоонун республикалык борбору өз алдынча бөлүнүп чыккан, ал 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институту деп өзгөртүп аталган.

Ал ректор болуп иштеген мезгилдин ичинде институтту 16 миң врач бүтүрдү, 35 доктордук жана 300дөн ашык кандидаттык диссертация жакталды. Ал жеке өзү 30 илимдин кандидатын жана докторун даярдады.

Данияров С.Б.  –  280ден ашык илимий эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын автору. Анын илимий салымы бааланып, илимпоздор тобу менен ага 1996-жылы илим жана техника жагынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын Лауреатынын жогорку наамы ыйгарылды.

Ал көптөгөн эл аралык конференциялардын, симпозиумдардын, съезддердин жигердүү уюштуруучусу жана катышуучусу болгон, Нью-Делиде (1974-ж.), Парижде (1977-ж.), Будапештте (1980-ж.), Сиднейде (1983-ж.) физиологдордун эл аралык конгресстеринде, социалисттик өлкөлөрдүн радиобиологдорунун I-Конференциясында билдирүүлөр менен сөз сүйлөгөн. Анын доклады радиациялык изилдөөлөр боюнча VI эл аралык Конгрессте (Япония) угулган.

Жаңы багыттагы кеңири радиобиологиялык изилдөөлөрү, бийик тоолуу адаптациялоонун ар кандай аспекттерин иштеп чыгуу үчүн профессор С.Б. Данияров 1979-жылы – Кыргыз ССР ИАнын мүчө - корреспонденти, ал эми 1989-жылы Кыргыз Республикасынын УИАнын академиги болуп шайланган.

С.Б. Данияровдун элге жана мамлекетке сиңирген зор эмгеги СССРдин «Ардак белгиси», «Элдердин достугу», «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, эки медалы, «Данк» медалы, III-даражадагы «Манас» Ордени, КР Өкмөтүнүн, Саламаттык сактоо министрлигинин, Билим берүү жана маданият министрлигинин Ардак грамоталары менен белгиленген.

С.Б. Данияровдун гуманитардык жана кесиптик жетишкендиктери чет өлкөдө да татыктуу баасын алды: 2000-жылы ал Америкалык биографиялык Институтунун Изилдөөлөр боюнча комитетинин мүчөсү болуп калды жана миң жылдыктын ардактуу Алтын медалын алды.

С.Б. Данияров – көп жолу райондук жана шаардык Советтердин депутаты, эки жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин эл депутаты болуп шайланды, Саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга башчылык кылды, 20 жылдан ашык СССР Жогорку Сотунун элдик заседатели болду.

2001-жылдан 2006-жылга чейинки мезгилде С.Б. Данияров Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, илимге эмгек сиңирген ишмер жана республиканын эмгек сиңирген врачы, илим жана техника жагынан КР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, медициналык илимдердин доктору, профессор, республиканын Жогорку Советине бир нече жолу шайланган эл депутаты, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын мурдагы мүчөсү Данияров Санжарбек Бакировичтин мамлекеттик жана коомдук ишке сиңирген зор эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясы С.Б. Данияровдун элесин түбөлүккү калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн өтүнүч кылат жана Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтуна анын ысмын берүүнү өтүнөт.

 

 

Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын төрагасы                                       Т.Абдраимов