13.05.2013 ЧЕЧИМ №7 Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 12-майындагы №23 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун 2013-жылдын 11-майындагы чечими менен Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – АШК) 2013-жылдын 6-майындагы чечими Ж.И.Маданбекованы, К.К.Токонбаевди, К.А.Солтонбаевди, К.Ш.Джээнтаевди, К.Т.Тажикановду, У.К.Айдаралиевди, Т.К.Айылчиевди, Т.Т.Буржуевди, Э.Т.Сыдыковду Бостери айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жагынан жараксыз деп табылган.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги №59 токтомун аткаруу үчүн Ысык-Көл АШК 2013-жылдын 6-майындагы чечими менен Бостери айылдык кеңешинин депутаттыгына 19 талапкерди, анын ичинде жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоодон баш тарткан.

2013-жылдын 12-майындагы № 23 протоколу менен Ысык-Көл АШК Ысык-Көл райондук сотунун 2013-жылдын 11-майындагы чечимине көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанбоо чечимин кабыл алган.

Ысык-Көл АШК Ысык-Көл райондук сотунун мыйзамсыз жана негизсиз чечимине көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанууга милдеттүү болучу. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2,-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл АШКнын 2013-жылдын 12-майындагы №23 чечими жокко чыгарылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү Ысык-Көл АШКга жөнөтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                             Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2013-жылдын 13-майы