31.01.2014 ЧЕЧИМ №1 Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы №7, 2014-жылдын 25-январындагы №9 чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары-АШК) 2014-жылдын 10-январындагы №7-, 2014-жылдын 25-январындагы 9-чечимдерин кабыл алууда «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинде белгиленген талаптары бузулган жана АШКнын ыйгарым укугуна кирбеген маселени кароо, негизсиз болгон. АШК “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын саясий кеңешинин 2013-жылдын 6-декабрындагы “партиянын тизмеси менен өткөн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары А.Ш.Осмонованын жана А.А.Тагаевдин депутаттык мандаттарын чакыртып алуу жөнүндөгү” №8-чечимин талкуулоо эмес, бош калган мандатты “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттан кийинки талапкерге ыйгаруу болучу.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2,-пункттарына, 2-бөлүктүн 5-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛДЫ:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 10-январындагы №7-, 2014-жылдын 25-январындагы №9-чечимдери жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгү мааниде түшүндүрмө берилсин: - Жергиликтүү кеңештин депутаты мөөнөтүнөн мурда чыгып калган учурда анын бош калган мандаты “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттан кийинки талапкерге аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен милдеттүү түрдө өткөрүлүп берилет.
3. Бул чечимдин көчүрмөсү Жалал-Абад АШКна жөнөтүлсүн.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ
УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А.ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2014-жылдын 31-январы