Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 29.04.2021 №76 Д.Ш. Бейшембиеванын арызы жѳнүндѳ (кир. №Б-183, …

29.04.2021 №76 Д.Ш. Бейшембиеванын арызы жѳнүндѳ (кир. №Б-183, 20.04.2021-ж.)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Д.Ш. Бейшембиеванын арызы жѳнүндѳ

(кир. №Б-183, 20.04.2021-ж.)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Бейшембиева Динара Шаршеналиевадан ошол айылдык кеңешке талапкер Муканбетова Элмира Бекмурзаевнага карата арыз келип түшкѳн.

Өзүнүн арызында талапкер Д.Ш. Бейшембиева Э.Б. Муканбетова кѳрсѳтүлѳрдүн алдында жергиликтүү жамааттын мүчѳсү болгон эместигин, ал Түп айылында катталгандыгын, документтери ал тарабынан 2021-жылдын 17-мартында гана жол-жоболоштурулгандыгын кѳрсѳткѳн, ошондуктан шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдардын нормалары бузулган деп эсептейт.

Ушуга байланыштуу арыз ээси анын арызын шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарга ылайык кароону жана тийиштүү юридикалык баа берүүнү суранган.

Арызда кѳрсѳтүлгѳн бардык шарттарды тактоо үчүн Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2021-жылдын 26-апрелиндеги жыйынына арыз ээси Д.Ш. Бейшембиева (онлайн түрүндѳ катышты) жана Түп аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Түп АШК) тѳрагасы Т.А. Алмабекова (офлайн түрүндѳ катышты) чакырылган.

Арыз ээсин угуп, ошондой эле арызды жана берилген материалдарды карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳр аныкталды.

Түп АШК 2021-жылдын 25-апрелиндеги № 24 чечими менен Д.Ш. Бейшембиеванын арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын дарегине Карасаев айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Б. Муканбетовага карата анын Карасаев жамаатындагы мүчѳлүгүн аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортунун Мамлекеттик реестринен маалымат берүү жѳнүндѳ 2021-жылдын 22-апрелинде №02-1-08/447 кат жѳнѳткѳн.

2021-жылдын 23-апрелинде №3-20/1328 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине “Дарек-маалымат бюросу” АИС базасы боюнча Э.Б. Муканбетова 2019-жылы 10-декабрда Ысык-Кѳл облусу, Түп району, Түп айылы дареги боюнча катталгандыгы тууралуу жообун жѳнѳткѳн.

2021-жылдын 17-мартында чыгып кетип жаткандыгына байланыштуу Ысык-Кѳл облусу, Түп району, Токтоян айылы дарегиндеги эсепке алуудан чыгарылган, мында тийиштүү жазуу паспортундагы чипке 2021-жылдын 17-мартында түшүрүлгѳн.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 60-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык “Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибинин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим кабыл алат. Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде мыйзамдар менен бекитилген электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен жүргүзүлөт. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы документтерден талапкерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө талапкерге маалымдоого милдеттүү. Талапкер маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди берүүгө укуктуу.”.

Жогоруда аталган норманы аткаруу үчүн Түп АШК талапкер Э.Б. Муканбетовага Мыйзамдын 3-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык “21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу” экендиги жѳнүндѳ 2021-жылдын 15-мартында №16 билдирме жѳнѳткѳн.

Ушуга байланыштуу 48 сааттын ичинде оңдолгон документтерин берүү суралган.

Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, «жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айылдык аймактын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат;».

Ушуга байланыштуу кѳрсѳтүүдѳ талапкер Э.Б. Муканбетова тарабынан шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузуу болбогондугун белгилейбиз.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3, 60-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Бейшембиева Динара Шаршеналиеванын арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 29-апрели

№ 76