Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 23.04.2021 №70 Э.Ж. Сыйданованын арызы жѳнүндѳ (кир. №01-12/1281, …

23.04.2021 №70 Э.Ж. Сыйданованын арызы жѳнүндѳ (кир. №01-12/1281, 15.04.2021-жыл)

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Э.Ж. Сыйданованын арызы жѳнүндѳ

(кир. №01-12/1281, 15.04.2021-жыл)

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Москва аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Москва АШК) 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 14 чечимин жокко чыгаруу тууралуу Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Ж. Сыйдановадан 2021-жылдын 15-апрелинде (кир. №01-12/1281) арыз келип түшкѳн.

Сунуш кылынган документтерди ар тараптуу кароо максатында 2021-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жыйынына Беловодское айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Ж. Сыйданова (оффлайн катышты) жана Москва АШКнын тѳрагасы (онлайн катышты) Т.К. Сейитпаев чакырылган.

Жогоруда аталган арызда арыз ээси №7291 участкалык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну жана аталган участкада бюллетендерди кайра эсептѳѳнү суранган. Ошондой эле ал Москва АШКнын 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 14 чечимин жокко чыгарууну ѳтүнгѳн.

2021-жылдын 21-апрелиндеги Жумушчу топтун жыйынында арыз ээси 2021-жылдын 17-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчѳсү К.М. Осмоналиевдин катышуусунда № 7291 УШКда бюллетендерди кол менен эсептѳѳ ѳткѳрүлгѳндүгүн, ушуга байланыштуу ал оозеки түрүндѳ 2021-жылдын 14-апрелиндеги арызын чакыртып алуу тууралуу сунуштаманы билдиргендигин, бул факт боюнча дооматы жок экендигин белгилеген.

Москва АШКнын тѳрагасы Т.К. Сейитпаев да Э.Ж. Сыйданованын арызы боюнча 2021-жылдын 17-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчѳсү К.М. Осмоналиевдин катышуусунда № 7291 УШКда бюллетендерди кол менен эсептѳѳ ѳткѳрүлгѳндүгүн, мында бюллетендерди эсептѳѳдѳ эч кандай бузуулар болбогондугун жана бул аракеттер боюнча акты түзүлгѳндүгүн белгиледи (кол менен эсептѳѳ актысынын кѳчүрмѳсү бар).

Ушуга байланыштуу Жумушчу топ бюллетендерди кол менен эсептѳѳ «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Респуюликасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык жүргүзүлгѳндүгүн, Мыйзамга ылайык «Кайталап эсептөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү катышуусунда жүргүзүлөт. Добуштарды кайталап эсептөөдө талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу» экендигин белгилейт.

Москва АШКнын 2021-жылдын 17-апрелиндеги №16 чечими менен бюллетендерди кайталап эсептѳѳнүн жыйынытыгы боюнча бузуулар фактысы белгилүү болгон жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35, 36, 41, 42-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароосунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Ж. Сыйданованын 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 14 арызы эске алынсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2021-жылдын 23-апрели

№ 70