Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 03.08.2020 № 65 «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын …

03.08.2020 № 65 «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын билдирмеси тууралуу

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын билдирмеси тууралуу

2020-жылдын 7-июлунда «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына партиянын уставынын нотариста күбѳлѳндүрүлгѳн кѳчүрмѳсүн тиркеп, партиянын эки ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аты-жѳнүн жана маалыматтарын кѳрсѳтүү менен шайлоого катышуу боюнча жазуу жүзүндѳ билдирме жѳнѳткѳн.

2020-жылдын 8-июлунда Борбордук шайлоо комиссиясына А.А. Артыковдон арыз келип түшкѳн.

Арызда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы арыз берүүчү тарабынан мѳѳрдү жана документтерди жасап алуу фактысы боюнча берген арыз каралып жаткандыгы, ал ЕРПП маалыматтарды эсепке алуу журналында катталгандыгы тууралуу кѳрсѳтүлгѳн. Сотко чейинки ѳндүрүштүн жыйынтыгы бүгүнкү күнгѳ чейин чыгарыла элек. Ошондой эле 2019-жылдын 6-апрелинде ѳткѳрүлгѳн «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын кезектеги XVIII съездин анык эмес деп таануу жѳнүндѳ С.У. Абдрахмановдун доо арызы боюнча жарандык иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралууда экендиги, ал каралуу стадиясында тургандыгы кѳрсѳтүлгѳн.

Ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик каттоо жѳнүндѳ күбѳлүктү, уставды жана герб түшүрүлгѳн мѳѳрдү берүүгѳ милдеттендирүү тууралуу С.У. Абдрахмановдун доо арызы каралгандыгы, ал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 10-июлундагы аныктамасы менен кароосуз калтырылгандыгы билдирилген. Ошону менен бирге ошол иштин алкагында С.У. Абдрахманов тарабынан доону камсыз кылуу боюнча ѳтүнүч сунуштама берилгендиги белгиленген, ага ылайык Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 7-июнунда аныктамасы менен юридикалык жактардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүүгѳ жана «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын жетекчисин ѳзгѳртүүгѳ байланышкан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясына карата кандайдыр-бир аракеттерди жасоого Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине тыюу салынган.

А.А. Артыковдун арызын кароо алкагында кошумча маалыматтарды алуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан 2020-жылдын 10-июлунда № К-21 жооп алынган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту берген маалымат жогоруда кѳрсѳтүлгѳн аяктай элек жарандык иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ѳндүрүшүндѳ тургандыгын тастыктайт.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы карап жаткан маселе али биротоло карай электигин, маңызы боюнча сот процесстери аягына чыга электигин, анткени жогоруда аталган маселелер боюнча саясий партиялардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү соттук тартипте жѳнгѳ салынарын эске алуу менен, «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоодон баш тартуу тууралуу, ошондой эле С.У. Абдрахманов сунуш кылган «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын билдирмесин кайтаруу жѳнүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2020-жылдын 13-июлунда №61 чечими кабыл алынган.

С.У. Абдрахманов тарабынан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 13-июлундагы № 61 «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоодон баш тартуу жана шайлоого катышуу тууралуу билдирмесин кайтаруу тууралуу чечимин анык эмес деп таануу жѳнүндѳ административдик доо менен сотко кайрылган.

2020-жылдын 20-июлунда Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими менен «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын доо арызы – канааттандырылган жана «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоодон баш тартуу жана шайлоого катышу тууралуу билдирмесин кайтаруу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 13-июлундагы № 61 чечими – анык эмес деп таанылган.

2020-жылдын 20-июлунда Бишкек шаарынын административдик сотунун чечимине макул эместигин билдирип, биринчи инстанциядагы сот тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы келтирген бардык жүйѳлѳргѳ укуктук баа берилбенгендигине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 20-июлунда Бишкек шаарынын административдик сотунун чечимин жокко чыгаруу жѳнүндѳ кассациялык даттануу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылган.

Бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусунан баш тартылып, 2020-жылдын 20-июлундагы Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими күчүндѳ калтырылган.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык – процесстик кодексинин 14-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, мыйзамдуу күчүнѳ кирген сот актылары бардык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылууга жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 13-июлундагы № 61 чечими сот тарабынан анык эмес деп таанылгандыгын, ал эми соттун чечимдери милдеттүү аткарылууга жатарын эске алуу менен,

«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан 2020-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышу жана эки ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттоо тууралуу билдирме келгендигинен улам, Борбордук шайлоо комиссиясы ушул маселени кароого кайра кайрылат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19, 60-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Администрациялык – процесстик кодексинин 14-беренесинин 1-бѳлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча бобордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧТИ:

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 13-июлундагы № 61 чечимин анык эмес деп таануу жѳнүндѳ Бишкек шаарынын административдик сотунун 2020-жылдын 20-июлундагы чечимин күчүндѳ калтыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2020-жылдын 28-июлундагы токтому эске алынсын.

2. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан шайлоолор боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Мурзакулов Сапарбек Сыдыкович катталсын.

3. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүл катары Бекназаров Акбарали Козибаевич катталсын.

4. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүнѳ белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳр берилсин.

5. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А. Эшимовго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 3 август 2020-жыл

№ 65