Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 04.12.2020 №284 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер …

04.12.2020 №284 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун интервьюсуна карата «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын даттануусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер

Б.О. Калмаматовдун интервьюсуна карата
«Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция»
КБнын даттануусу жѳнүндѳ

 

2020-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБдан даттануу келип түшкѳн, анда арыз ээси «Азаттык» маалымат агенттигине берген интервьюсуна байланыштуу КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовдун аракетине укуктук баа берүүнү жана анын аракетинде шайлоо мыйзамдарын бузуу бар болсо жоопко тартууну суранган.

2020-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча жумушчу топ менен шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) биргелешкен жыйынында «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 01-13/3538 даттануусу каралган.

Жумушчу топтун кошмо жыйынында арыз ээси, КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу ѳкүлү М.К. Мойдунов катышкан.

Өзүнүн даттануусунда арыз ээси YouTube видеохостингинде Б.О. Калмаматовдун «Азаттык» маалымат агентигине берген интервьюсу жарыялангандыгын, анда талапкерге карата шайлоочулардын терс мамилесин түзүүгѳ кѳмѳктѳшкѳн сѳздѳр камтылгандыгын кѳрсѳткѳн. Мында арыз ээси «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 6-бѳлүгүнүн 4-пунктуна таянган, бирок талапкер Б. Калмаматов тарабынан кѳрсѳтүлгѳн норма кантип бузулгандыгын кѳрсѳткѳн эмес жана далилдерин берген эмес.

Кароонун жыйынтыктары боюнча Жумушчу топтор талапкер Б. Калмаматов тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын нормаларын бузуу жок экендиги тууралуу биргелешкен чечим кабыл алышкан.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүнүн жыйынында даттанууну, Жумушчу топтордун бирелешкен чечимин угуп жана талкуулап, тѳмѳнкүдѳй тыянакка келет.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 6-бѳлүгүнүн 4-пунктуна ылайык «Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок: 1) талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга; 2) тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого;3) кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга; 4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга».

Кѳрүнүп тургандай, ушул беренедеталапкерүгүт жүргүзүү мезгилинде үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны колдонууда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянатчылык менен пайдаланууга жол берилбей тургандыгы белгиленген.

Бирок атылган чыгып сүйлѳѳдѳ талапкер кайсы-бир талапкерлердин конкреттүү фамилияларын атаган эмес, жалпысынани кырдаал жѳнүндѳ айткан.

Баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бѳлүгүн, 28-беренесинин 6-бѳлүгүнүн, «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер Б.О. Калмаматовду жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын даттануусун канаатандыруудан баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү А.Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 4-декабры

№ 284