Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 04.12.2020 №283 Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер …

04.12.2020 №283 Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер К. Чороевге карата «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер К. Чороевге карата «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын арызы жѳнүндѳ

2020-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 01-13/3537 арызы боюнча Кыргыз Республикасында шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча жумушчу топ менен шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектерин маалымдоо маселеси жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) биргелешкен чечимин карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт.

Өзүнүн арызында «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБ Кабалар сайтында КР Президентине талапкер К. Чороев менен интервью жарыялангандыгын кѳрсѳткѳн.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 23-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык: Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт.

Ушуга байланыштуу КР Президентине талапкер К. Чороевдин аракеттерине укуктук баа берүүнү суранган.

Даттанууну объективдүү жана ар тараптуу кароо максатныда «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБ арыз ээси тарабынан Э. Ирискулбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. Чороев чакырылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер аталган интервью маалыматтык мүнѳзгѳ, эксперттик кѳз карашка ээ жана Кыргызстанды экономикалык жактан ѳнүктүрүүгѳ сунуш экендигин, ошондон улам ѳзүнүн аракетинде үгүт эрежелерин бузуунун белгилери жоктугун түшүндүрдү.

Маалыматты угуп жана талкуулап, интервьюну карап, талаптардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. Чороевдин жана «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБ тарабынан Э. Ирискулбековдун түшүндүрмѳлѳрүн иликтеп чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентинин кызмат ордуна талапкер К. Чороевдин аракеттеринде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген үгүт эрежелерин бузууну тапкан жок, анткени интервьюда эксперттик кѳз карашта Кыргыз Республикасын экономикалык ѳнүктүрѳѳгѳ сунуштар козголгон.

Баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин, 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 жана “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ” жобону жана 2017-жылдын 10-июлундагы № 117 “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттердин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер К. Чороевди жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын даттануусун канаатандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 4-декабры

№ 283