Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 28.05.2023г. №119 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу …

28.05.2023г. №119 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.М. Айткуловдун видеокайрылуусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
М.М. Айткуловдун видеокайрылуусу жѳнүндѳ

2023-жылдын 28-майында «Фейсбук» социалдык түйүнүндө пайдалануучу «Асхат Субанбеков» тарабынан №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.М. Айткуловдун видеокайрылуусу жарыяланган.

Аталган видеоматериал шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча мониторингдин жүрүшүндѳ алынган жана Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отурумунда каралган.

Ар тараптуулук жана объективдүүлүк максатында Жумушчу топтун отурумуна депутаттыкка талапкер М.М. Айткуловдун ыйгарым укуктуу ѳкүлү Ы.А. Чоноров чакырылган, ал талапкер М.М. Айткуловдон шайлоонун жүрүшү жѳнүндѳ маактешүү болгонун айтып, ал фрагмент видеоматериалда келтирилгендигин түшүндүрдү. Видеоматериал ким тарабынан жасалгандыгы ага белгисиз.

Жумушчу топ талапкердин бул видеокайрылуусунда «Кыргыз Республикасыныни Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары- конституциялык Мыйзам)
22-беренесинин 10-бѳлүгүнүн 1-пунктунда каралган үгүт жүргүзүүнүн белгилер
и бар экендигин белгилейт, ал жерде «тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр» шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү деп таанылары кѳрсѳтүлгѳн.

Жарыяланган материалдан, видеокайрылуу маалыматтык мүнѳздө гана эместиги байкалат, анткени маектешүүдөн тышкары ар кайсы булактардан алынган башка материалдар да бар экендиги кѳрүнѳт. Демек, бул материал жарыялоо үчүн жана социалдык түйүндѳргѳ жайгаштыруу үчүн даярдалган.

Жумушчу топ тарабынан пайдалануучу «Асхат Субанбековдун» жеке баракчасы изилденип, ал тарабынан мурда талапкер М.М. Айткуловду колдогон башка үгүт сүрѳттүрү жана видеоматериалдар жарыялангандыгы белгилүү болду.  Пайдалануучу «Асхат Субанбековдун» 2023-жылдын 28-майында шайлоо күнү, күндүзгү саат 11 де «Фейсбук» соцалдык түйүнүндѳ жарыялаган видеоматериалы, шайлоо бюллетениндеги талапкердин №12 катар номери коюлган рамкада коштолот. Ошондой эле видеонун соңунда талапкердин сүрѳтү жана бюллетендеги талапкердин катар номери жайгаштырылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынына М.М Айткуловдун ыйгарым укуктуу ѳкүлү Ы.А. Чоноров чакырылган, бирок жыйынга келген эмес.

Жумушчу топтун жетекчисинин маалыматын угуп, үгүт видеоматериалындын мазмунун карап чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳнкүдѳй жыйынтыкка келет.

Конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт».

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык: «Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт жана кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрөт».

Жумушчу топтун чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясына талапкер А.К. Айтбаевди шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодекси боюнча жоопко тартуу сунушталган.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 65-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, – жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет».

Баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, «Кыргыз Республикасыныни Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Материалдар №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Айткулов Муктарбек Мукуловичти Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 65-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жѳнѳтүлсүн.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо, маалымдоо жана үгүт жүргүзүү маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси
У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 28-майы

№119