Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 04.12.2020 №280 Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер …

04.12.2020 №280 Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун ѳткѳргѳн жолугушуусуна карата «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын даттануусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун ѳткѳргѳн жолугушуусуна карата «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын даттануусу жѳнүндѳ

2020-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын даттануу келип түшкѳн, даттанууда арыз ээси Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун шайлоо алдындагы мыйзамсыз үгүт жүргүзүүсү жана бузууулар табылса аны жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ маселени кароону суранган.

2020-жылдын 1-дпекабрында Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу толптун жана шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) кошмо жыйынында «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын 2020-жылдын 30-ноябрындагы № 01-13/3534 даттануусу каралган.

Жумушчу топтордун кошмо жыйынына арыз ээси, ошондой эле КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу ѳкүлү А. Бакиров катышты.

Өзүнүн даттануусунда арыз ээси КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаров 2020-жылдын 7-ноябрында Москва шаарында кыргызстандык мигранттар менен жолугушуу ѳткѳргѳндүгү жѳнүндѳ kloop.kg МА сайтында макала жарыялагандыгын кѳрсѳткѳн.

Мында арыз ээси шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мѳѳнѳтүн белгилеген конституциялык Мыйзамджын 22-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ таянган.

Өз кезегинде КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу ѳкүлү А. Бакиров Россияда кыргызстандык мигранттар менен мындай жолугушуулар жал сайын ѳткѳрүлүп турарын, анын уюштуруучулары «Мен макул эмесмин» КФ жана «Менин укугум бар» КФ экендигин жана А.К. Мадумаров жыл сайын мындай иш-чараларга мейман жана лектор катары катышып келгендигин түшүндүрдү.

Ошондой эле А. Мадумаровго алдыда болуучу КР Президентин шайлоо жѳнүндѳ суроо берилгенде, ал жооп бербегендиги, анткени ал талапкер катары катышып жатпагандыгы жана бул жагдай үгүт эрежесин бузуу болушу мүмкүн экендиги видеожазылмада кѳрүнүп турат. КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу ѳкүлү бул интервью маалыматтык мүнѳздѳ экендигин жана мѳѳнѳтүнѳн мурда үгүттүн белгилерин камтыбагандыгын түшүндүрдү.

Кароонун жыйынтыгы боюнча Жумушчу топтор тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын нормаларын бузуу болбогондугу тууралуу чечим кабыл алынган.

Мааалыматтарды угуп жана талкуулап, сунуш кылынган материалдарды иликтеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳнкүдѳй тыянакка келет.

Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 10-бѳлүгүнѳ ылайык «Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат: 1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр; 2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү; 3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу; 4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу».

Бирок А.К. Мадумаровдун чыгып сүйлѳѳсүндѳ аталган нормада белгиленген шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылган эмес. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаров тарабынан конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинде белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежесин бузуу жок деген тыянакка келет.

Баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бѳлүгүн, 23-беренесинин 1-бѳлүгүн, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) карап чыгышынын тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликкае алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкерлер А.К. Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын даттануусун канаатандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү А.Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 4-декабры

№ 280