Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 26.05.2023ж. №112 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу …

26.05.2023ж. №112 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Д. Искаковго карата Бишкек шаарындагы Ленин районунун ИИБ маалыматы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2023-жылдын 23-майында «Facebook» социалдык түйүнүндѳ «Назаров Сапар» пайдалануучунун баракчасында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Д. Искаков тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуу болгондугу жѳнүндѳ маалымат жарыяланган. Жогоруда аталган пайдалануучунун жарыялоосунда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Д. Искаков тарабынан кыясы шайлоочулардын добуштарын сатып алуу болушу мүмкүн экендиги жѳнүндѳ маалымат жарыяланган.

2023-жылдын 23-майында жогоруда аталган арыз текшерүү жана укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жѳнѳтүлгѳн жана Бишкек шаарындагы Ленин районунун ИИБ тергѳѳ кызматынын маалыматтардын электрондук журналында №02-001-2023-012038 катталаган.

2023-жылдын 26-майында Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынына Ленин районунун ИИБ начальнигинин орун басары – Кыдырбаев Н.Ж., Ленин районунун тергѳѳ кызматынын начальниги– Кайкиев Р.Б., Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары – Мамыров А.О., Ленин районунун прокурору – Кожобердиев Ш.А. катышкан, алар жогоруда аталган факты боюнча маалымат беришкен.

Укук коргоо органдарынын маалыматтары боюнча ыкчам тергѳѳ иш-чараларынын жүрүшүндѳ «Facebook» социалдык түйүнүндѳгү «Назаров Сапар» пайдалануучунун баракчасы фейк маалыматы болуп саналары аныкталган.

Ошондой эле «Назаров Сапар» наамындагы пайдалануучу профилин бир нече жолу кайра ѳзгѳрткѳн, ошондуктан анын ким экендигин аныктоо мүмкүн болгон жок.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Э.Д. Искаковдун шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы укук коргоо органдары тарабынан аныкталган жок.

№02-001-2023-012038 сотко чейинки ѳндүрүшү боюнча Бишкек шаарындагы Ленин районунун ИИБ маалыматын угуп жана талкуулап, Борбордук шайлоо комиссиясы маалыматы эске алуу максатка ылайыктуу деген жыйынтыкка келет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын констиуциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы № 33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жѳнүндѳ» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Сотко чейинки №02-001-2023-012038 ѳндүрүш боюнча Бишкек шаарындагы Ленин районунун ИИБ маалыматы эске алынсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык тобунун жетекчиси Т. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                         Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 26-майы

№ 112