Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 24.02.2022 №197 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз …

24.02.2022 №197 №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын үгүт иш-чараларына байланыштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын кайрылуусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

№29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын үгүт иш-чараларына байланыштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын кайрылуусу жѳнүндѳ

 

2022-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын үгүт иш-чараларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – «Инфоком» МИ) кайрылуусу (№01-08/394) келип түшкѳн.

Кайрылууда 2022-жылдын 21-февралында Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектиси, 381 дареги боюнча жайгашкан №4 калкты тейлѳѳ борборунун (мындан ары – КТБ-4) имаратынын бет маңдайында №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын агитаторлору тарабынан үгүт иш-чараларын ѳткѳрүү үчүн палатка коюлгандыгы билдирилген.

«Инфоком» МИ аталган аймак КТБ-4 тийиштүү экендигин, ага күн сайын 1500-2500 адам кайрылып жаткандыгын белгилеген. Арыз ээси билдиргендей, КТБнын кире беришине коюлган үгүт палаткасы кызмат кѳрсѳтүлүп жаткан КТБнын келүүчүлѳрү үчүн кыйла тоскоолдук жаратууда.

Талапкер Алмаз уулу Аскардын ѳкүлдѳрүнѳ КТБ-4 жетекчиси оозеки кайрылган учурда бул аймак муниципалдык менчикте экендигине шылтоо жасалып, баш тартылгандыгы, ушуга байланыштуу үгүт иш-чаралары улантыла тургандыгы билдирилген.

Баяндалгандарга байланыштуу «Инфоком» МИ №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын аракеттерине юридикалык баа берүүнү ѳтүнгѳн.

Кайрылууга КТБ-4 кире беришиндеги үгүт палаткасынын сүрѳтү менен тийиштүү фотоматериалдар тиркелген.

Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жыйынында кайрылууну алдын ала караган учурда КТБ-4 жетекчиси Т.У. Абдивалиев кайрылуудагы маалыматтарды тастыктап, талапкердин үгүт иш-чаралары түзүп жаткан бѳгѳттѳрдү четтетүүгѳ кѳмѳктѳшүүнү ѳтүндү.

2022-жылдын 24-февралындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынына №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын ыйгарым укуктуу ѳкүлү А. Сасыбаева чакырылып, угулду, ал КТБ-4 кире беришине аталган үгүт палаткасы коюлгандыгын тастыктаган.

Талапкердин ыйгарым укуктуу ѳкүлү А. Сасыбаеванын пикири боюнча, КТБ-4 кире беришине үгүт палатканын коюлгандыгы КТБнын ишине жана жарандарга ыңгайсыздык жараткан эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы кайрылууну, ага тиркелген материалдарды карап чыгып, тѳмѳндѳгүдѳй тыянакка келет.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бѳлүгүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдой тургандыгы жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрө тургандыгы каралган.

Үгүт иш-чараларын жүргүзүүдѳ уюштуруучулар «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана «Тынч чогулуштар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын нормаларын сактоого тийиш.

Ошону менен бирге, Борбордук шайлоо комиссиясы «Инфоком» МИнин кайрылуусун эске алууну жана мамлекеттик кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү алуу процессинде мамлекеттик органдардын ишине жана жарандарга бѳгѳт болууга жол бербѳѳ жѳнүндѳ №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскарга оозеки эсертүү берүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №118 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 17-февралындагы (№01-08/394) маалыматы эске алынсын.

2. Мамлекеттик кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү алуу процессинде мамлекеттик органдардын ишине жана жарандарга бѳгѳт болууга жол бербѳѳ жѳнүндѳ №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскарга оозеки эсертүү берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси жана үгүт жүргүзүү эрежеси боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2022-жылдын 24-февралы

№197